Тууну коргойм деп камалган Афтандил Жоробековдун соту башталды.

добавлен 01 марта 2024 11:14
просмотров 152

 

 

Кечээ, Бишкек шаарынын Ленин райондук  сотунда, судья Т. Маматовдун төрагалыгында, КР Кылмыш-Жаза Кодексинин «Массалык баш аламандыктар» 278-беренеси менен  Афтандил Жоробековго карата  козголгон иш боюнча соттук териштирүү башталды. Ал туу маселесин көтөрүп, М. Горький атындагы паркына митинг өткөрүүгө уруксат алып, иш аракетин мыйзам чегинде даярдап жатканда кармалган.  

Сот териштирүүсү:

29-февраль 2024-жыл. Соттук териштирүүнү алдын ала белгиленген убакытта баштады. Бирок, соттук териштирүү өткөрө турган зал, коомдук маанидеги иштерди караганга ынгайсыз, өтө кичинекей. Сот залы 12 адамга кана ылайыкталган. Прокурор, жактоочу жана күзөтчүлөрдү кошкондо башкаларга оорун калбай калат. Афтандилди колдоп келген жарандык активистер залга карандабай дагы калышты.

Бүгүн биринчи соттук процесс өттү. Афтандилге карата кылмыш ишти Бишкек УВД тарабынан тергелип, ошол мекеме Свердлов районунда жайгашкандыгына байланыштуу, иш Свердлов райондук сотуна өткөрүлгөн экен. Ал жерден иш Ленин райондук сотуна жиберилген, анткени Афтандилдин экспертизага берилген видеосу Ленин районунда тартылганына байланыштуу ишти кароо – кылмыш жасалган жерине карата деп аныкталган.

Бул биринчи соттук отурумга, экспертиза жасаган эксперт-лингвист дагы чакырылган, бирок ал сотко келген жок.

Прокурор Абасканова дароо соттук териштирүүнү башка күнгө жылдырууну сурады. Судья болсо, келгиле  соттук териштирүүнү баштайлы, анан жылдыруу керек болсо чечим чыгарам, деп процессти баштады. Судья айыпталуучуга укук-милдеттерин түшүндүрүп, тараптардан өтүнүч барбы деп сурады. Айыпталуучунун адвокаты соттук териштирүүнү видеого тартканга уруксат берүүңүздү өтүнөм деп сурады. Бирок судья бул өтүнүчтү ачык калтырды, эксперт келгенде, анын оюн билип, анан чечим чыгарам деп. Эмнеге лингвист-эксперт жок отурумду видеого тартууга болбойт - белгисиз.

Прокурор Абасканова айыптоо актысын окуду. Айыпталуучу Жоробеков бийликти кулатууга аракет көргөн, “Беспредел кейджи” баракчасынан зомбулук, талкалоо, өрттөө, мүлктү жок кылуу, атуучу куралды, жарылуучу заттарды же жардыруучу түзүлүштөрдү колдонуу менен, же болбосо бийликтин өкүлүнө куралдуу каршылык көрсөтүү менен коштолуучу массалык баш аламандыктарды уюштурууну, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө чакырыктарды жасаган деди.

Судья, прокурорго лингвист-эксперттин сот отурумуна келишин камсыз кылгыла деп тапшырма берип, кийинки сот процессин 12- март, саат 10.00 дайындады.

P.S. Ар бир ушундай сот териштирүүнү кийинкиге жылдырылып атып, айыпталуучу СИЗОдо кезерип, айлап-жылдап сот өкүмүн күтөө берет. Афтандил камакта отурганына 3 ай болду, аттиң.....