Агартуучу публицист Олжобай Шакирдин (Эгембердиев) иши

добавлен 27 января 2024 09:40
просмотров 150

 

 

УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүүсү А. Султаналиев кылмыш иштин материалдары менен таанышып Эгембердиев Олжобай Шакирге карата  айыптоо актысын түзгөн.

Публицист Олжобай Шакир КР Кылмыш-Жаза Кодексинин (278-бер, 3 пункту) бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктарды деп айыпташкан.

24.08.2023 жылы Биринчи май райондук соту Олжобай Шакирге 2 айга камака алууга чечим чыгарышкан. Бул мөөнөт үч жолу узартылып, жазуучу агайыбыз камакта отурганына 5 айдан 6 айга кетти. Ноябрдын аягында тергөө иши аяктап, ишти сотко өткөрүшкөн.

Сот териштирүү:

2023-жылдын 19-январында Чуй облусунун Аламудун райондук сотунда төрагалык кылычуу судья Б.Б. Джаналиев саат 14.27де КР КЖК 278- беренеси менен козголгон Олжобай Шакирге карата ишти кароо уланды. Ишти кароо саат 14.00 коюлган, бирок сот залында башка процесс өткөнүнө байланыштуу жарым саатка кеч башталды. Сот отурумуна иш боюнча экспетизаны чыгарган  Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Мамлекеттик укук институтунун илимий кызматкери Жанышбек уулу Азамат суралды.

Эксперт иш тууралу:

  • 2023-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчуусу А. Султаналиев экспертиза өткөзүү жөнүндө токтом менен кайрылганын;
  • материалдар  19 барактан жана 1 DVD дисктен  турганын;
  • экспертиза 2023-жылдын 23- сентябрында даяр болгонун, тагыраак айтканда  бир кундөдаярдалганын тастыктады.

Олжобай Шакирдин Ысык- Көлдөгу 4 пансионаттар боюнча жазган сөздөрүндө бийликти басып алууга жана башаламандыктарга чакыруу сөздөрү бар экендигин айтты.  Улут аралык кастыкты жаратуу чакырыктары жок деп билдирди.  Биринчи май райондук сотунун чечими менен Ала-Тоо аянтында митинг өткөзүүгө тыйуу салынганына карабай, айыпталуучу митингге үндөгөнүн кошумчалады.  Жактоочуулардын ошол жазылган сөздөрдө «Онлайн» деген сөз бар экенин билдиниз беле деп сураганда «Ооба» деп жооп берди.

Судья кандай материалдар силерге келген, көчурмөсу барбы деп сурады?

Эксперт: «Жок, келген материалдарды биз кайра тергөөчугө бергенбиз»- деп жооп узатты.

Ошо менен сурак аяктап, кылмыш ишинде экспертизага берилген материалдар  жок болгонуна байланышту, судья кийинки сот отурумуна   Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчуусун чакырууну билдирди жана ошондой эле   экспертизага берилген  материалдардын көчурмөсун алып келуусун талап кылды.

Кийинки сот отуруму 24-январь, саат 15.00 дайындалган, бирок, кандай бир себептер менен (аны эчким билбейт) конвой Олжобай Шакирди УКМКнын СИЗОсунан сотко алып келген жок. Конвой бизге (сотко) карабайт, биз алып келгиле деп жазып бергенбиз, алып келген жок, деп, сот отурумун 29 январга калтырышты. Териштирүү саат 15:00 Аламүдүн райондук сотунда каралат.

P.S. Эң кызыктуусу, айыптоо актысы дагы орус тилинде дайындалган экен, экспертизасы дагы орус тилинде даярдалыптыр (бир күндө), а сот териштирүү болуп атканда экспертке суроону орус тилинде берсе, жалаң кыргызча жооп берип атты. Орус тилин билбейт деле окшойт, кол коюп бергич эксперт экени билинип калды.