Турак жайдан чыгаруу чечимди жокко чыгаруу боюнча соттук иш.

добавлен 10 ноября 2023 06:29
просмотров 223

 

 

2023 жылдын 3 ноябрьда Сокулук райондук сотунда төрагалык кылуучу Б.М. Касымалиев үйдөн чыгаруу жөнүндө сырттан чыккан соттук чечимди жокко чыгаруу боюнча  А. Борубаевдин доо арызын карады.

Иштин фабуласы:

А. Борубаев бир тууганынын үйүндө 16 жылдан бери жашайт, бир тууганы үйдү сатып алып, уулуна каттатып коюп Орусияга иштегени кеткен экен. 2023 жылдын 16 октябрда ал Сокулук райондук Соттун  сырттан чыккан чечимин алат, ал чечим турак жайдан чыгаруу жөнүндө болот. Кандайча мен 16 жылдан бери (2007 ж.) жашап, сатууга койбой, бир дагы сатып алуучу келбеген үйүмөн чыгышым керек, деп бул сырттан чыгарылган чечимди жокко чыгарып бергиле деп сотко кайрылат.

Бул соттун чечими 2023 жылдын 16 августунда чыккан экен, мыйзам боюнча (ЖПКнын 236-беренесине ылайык) бул чечим 3 күндүн ичинде Борубаевге жеткирилип, анын колуна тийдиби деген кагаз менен кошо жеткиришип, тастыктап коюшу керек болчу экен. Бирок, бул соттук чечим почта аркылуу Борубаевге 2023 жылдын 16 октябрында кана  тапшырылып, конвертке алдым деп кол койдуруп кетишкен.

Ошентип үйдө жашаган Алмазбек Борубаев 2023 жылдын 17 октябрында Сокулук райондук сотуна кайрылып, өткөрүп жиберген мөөнөтүн калыбына келтирип жана сырттан чыккан чечимди жокко чыгарып берүүнү суранган.

2023 жылдын 03 октябрында Сокурук райондук сотунда, төрагалык кылуучу Б.М.Касымалиев доо арызды карап А.Борубаевге, сиз сотко кайрылуу үчүн мөөнөттү өткөрүп жиберген жоксуңар. Сырттан чыккан чечимди бузуга кандай жөөлүү себеп бар деп сурады. Борубаевдин жактоочусу колуна тийген документтерди көрсөтүп, бул үй 10 жыл мурун ишеним кат аркылуу сатылган экен. Ишеним кат көп суроо жаратат: сделкаларды ишке ашырууга ж.б. жазып, аягына сатып алууга уруксат бергени көрүнүп турат. Ээсинин кызыкчылыгын көздөп сатып берүүгө уруксат берген экен, бирок ал адам үйд өз уулуна 10 миң сомго сатып жиберүү кандай, ээлик кылган адамдын кызыкчылыгы болсун?

Судья, көпкө документтерди талдап, сырттан чыккан чечимди жокко чыгарып, соттук териштирүүнү 2023 жылдын 5 декабырына койду.

P.S. Эми Борубаевге оор жолду басып өтүү керек, ал профессионалдуу, документтерге таянып, бул алдамчылык менен жасалган сделка, дегенди далилдеши керек.