Жарандык активистке карата пробацияны жок кылып, камоого алуу боюнча соттук иш.

добавлен 03 ноября 2023 20:51
просмотров 247

 

 

2023-жылдын 3-ноябрьда Сокулук райондук сотунда төрагалык кылуучу Байсов К.Т. Адилет Балтабайга карата пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу боюнча соттук териштирүүнү карады.

Соттук териштирүүгө Сокулук районунун пробация бөлүмүнүн  башкы адиси Джаманкулов Эмиль, Адилеттин атасы жана жубайы келишти.

Соттук териштирүү кичине кечигип башталды, анткени алдындагы сот процесси кечирек аяктап калды. Судья сот залына ким келди, келе турган адамдар эмнеге жок деп териштире баштады.

Пробация бөлүмүнүн өкүлдөрү  Адилет Балтабайдын үйүнө баргандарында эч ким чыкпай койгонун айтышты. Адилеттин атасы: Ал жерде биз жашайбыз, качан келдиңер, уулум ооруп Улуттук госпиталда жатат - деп айтты. Ошол туралуу справка барбы деген суроого, врачтар справканы ооруканадан чыкканда эле бере алабыз, мамлекеттик кызматкерлер системага кирсе, баардык маалыматты ала алышат дептир. Судья, мен кирип маалымат издешим керекпи? Кызыкдар тарап алып келгиле да, тастыктоочу документтерди, деди.

Бизге таптаакыр берилбейт деп врач болбой койду, силер мамлекеттик кызматкерлерсиңер да, расмий түрдө кат жиберсеңер жооп берсе керек, деп Адилеттин жубайы суранды.

Ошентип соттук отурум 2023 -жыл 10 -ноябрьга жылдырылды.

Сокулук райондук соттун иштеши боюнча маалымат: имараттын ичи жылуу, жарык жана карала турган иштердин жүгүртмөсү илинип турат. Бишкектен андайды көрбөй калгансоң абдан сүйүндүк.

К.Т. Байсовдун ишти алып баруусу боюнча маалымат: соттук приставдар көп учурларда өз ыйгарым укуктарынан аша чаап кеткени бар, аны байкап калабыз. Ушул отурумда дагы соттук процесс баштала элек болгонуна карабастан телефондорду өчүргүлө, ары алгыла деп  атышты. Судья кирип келип бул тирешүүнү көрүп, катышуучулар аудио фиксацияны жасаганга укуктуу, видео фиксация судьянын уруксаты менен болот деп, уюлдук телефондорду үнсүз режимге коюп алууга чакырып,  баарыбызды тынчтандырды.

P.S. Судья мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө баа берип, аларды туура жолго салууга кудурети жетет экен деп сүйүндүм.