Жогорку сот мыйзам бузуу аркылуу чыгарылган сот чечимдерге богот койууну баштаптыр.

добавлен 30 августа 2012 18:23
просмотров 887

 

 

 

30 август 2012 жылы Жогорку сотто Абдрахманов, Масыбаев жана Сыдыков соттук курамында мындан мурда жазып жүргөн иш боюнча сот отуруму болду. Мурдагы публикацияларга шилтемелер: "Преследование за выполнение функциональных обязанностей!!!", "Кыргызстанда оз милдетин аткарган учун КЫЛМЫШКЕР болуп калуу 5 мунотто..".

Бул сот курамы, иш кантип каралганын изилдеп 06.03.2012 жылы Ош гарнизондук сотунда Арабаев Б.И. судьясы жактан каралып Добуловду КЖКнин 305 ст п. б күнөлүү деп табылган чечимди бузулсун деп. 15.05.2012 жылы КР Аскер сотунун  Калилов А.Э.,  Аземкулов Б.Ш.,  Кожомбердиев Б.К. соттук курамында каралып биринчи инстанциядагы чыгарылган чечимди  өзгөртүсүз калтырылсын деген чечимин бузуп, бул ишти кайра биринчи инстанцияга кайра кароого жиберилсин деп аныкташты.

Бул иш боюнча сот системасын көзөмөлдө боюнча Жарандык кеңеш КР УКМК (ГКНБ) кызматына (тергөөнү жүргүзгөн УКМКнын подполковниги Маатжакыпов Акмат) Өзбек Республикасынын жараны Атабеков Гиязбек мыйзамсыз Кыргыз Республикасында жүргөндүгү туралуу кандай чара көргөндүгүн суроо жиберип жана ушул жигитти аскердик медициналык кароодон алып калам деп аракет кылган (Өзбек мамлекетинин жарандыгын жаашырып) милициянын майоруу Сулайманкулова Дарикага (ушул иште бул милиция кызматкери пара берүүгө аракет кылгам деп, көрсөтмө берген) ички иштер кызматы кандай чара көргөнүн коомчулука маалымдайбыз. 

 

P.S. Эми бул иш кантип кайра караларын, сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңеш байкап, коомчулука кеңири малымдайт.

Система Orphus