Жарандык сектор Жогорку соттун судьялыгын тандоонун жыйынтыктарына каршы чыгууда (видео). КТРК

добавлен 23 июля 2012 20:25
просмотров 970

 

 

 

Бишкек, 23-июль, 2012-жыл (КТРК) Жарандык коом Жогорку соттун судьялыгына талапкерлерди тандоонун алгачкы айлампасынын жыйынтыктарына нааразы экенин алардын өкүлдөрү бүгүн билдирип  чыкты. Жарандык сектордун айтымында, тандоонун биринчи турунда эң  маанилүү нерсе - соттордун кынтыксыздыгы менен соттордун жана алардын жакындарынын материалдык абалы текшерүүгө алыныш керек болчу. Сот тандоо кеңеши болсо тандоо жол-жобосуна салкын мамиле кылды, - дейт жарандык коомдун өкүлдөрү. Ал эми Сот тандоо кеңеши - судьяларды тандоо мыйзам чегинде гана ишке ашырылып жатканын айтат.

Жогорку сотко судьяларды тандоонун алгачкы баскычы 17-июлда аяктаганы менен, жарандык коом кемчиликтерди четинен таба баштады.  Тандоого мониторинг жүргүзгөн  жарандык сектор коомдук пикир менен эсептешүү болгон жок, - дейт. Далил катары - талапкерлердин айрымдарына каршы арыздар түшкөнү менен, Сот тандоо кеңеши аларды көңүлгө албаганы келтирилүүдө. Деги эле бул Кеңеш өзүнө өтө эле көп укук алып алды деген жарандык сектордун өкүлдөрү - талапкерлерди тандоо эрежелерин мамлекет өзү иштеп чыкса жакшы болмок дейт.

Коомдук анализ институтунун жетекчиси Рита  Карасартова:“Бул критерийлерди, негизи, мамлекет иштеп чыгыш керек болчу. Мынакей, мына бул критерий менен силер тандап бересиңер деп. Алар бүт полномочиенин баарын Сотторду тандоо кеңешине берип койду. Өздөрүнүн регламантин жазышты. Алар саясий чечимдердин баарын өзү кабыл алып жатат. Саясий жоопкерчиликтин баарын алып.”

Жарандык коом белгилеген дагы бир мүчүлүштүк - тандоо өтө эле кыска мөөнөттө өткөрүлүп жатат жана анын жайкы эс алуу маалына туш келгени   коррупциялык таасирди күчөтүшү ыктымал. Нааразылык туудурган дагы бир жагдай - Сот тандоо кеңешинин мүчөлөрү Жогорку сотко судьялардын кынтыксыздыгы менен алардын мүлкү тууралуу маалыматтары салык декларацияларынын негизинде гана үстүртөн карады.

 Жарандык коомдун өкүлү Жумабек Жылкыайдаров: “Жөн эле окуп коюшту да, имуществосу барбы-жокпу деп. Болду, башка эч кандай жыйынтык чыгарган жок. Бул жыйынтык негизсиз деп ойлойбуз. Мүлк боюнча декларациялардын баары Мамлекеттик каттоо кызматы, Ички иштер менен Укук министрлигинин катышуусунда жана талапкерлердин жакындарынын катышуусу менен кеңири, комплекстүү текшерүү жүргүзүлүшү керек болчу.”

Бирок Сот тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев - тандоо учурунда Кеңеш “Сотторду тандоо тууралуу” мыйзамдан четтеп кете турган кадамдарга барган жок дейт. Анын айтымында, эгер декларациялар боюнча кемчилик кетсе, Кеңеш так фактыларды кабыл алууга даяр. Тилекке каршы, так аныктамалар менен эч ким кайрылган эмес.

Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев: “Так информация берилиш керек. Кимдин кандай мүлкү бар? Ким кандай туракта жашайт? Кандай машине минип жүрөт? Биз жөн эле маалыматты кабыл ала бербейбиз да. Себеби - бизге кынтыксыздыгы боюнча бир да талапкерге терс пикир айтылган жок. Эгер ошондой болсо, биз тийиштүү документтерди прокуратурага беребиз.”

Жогорку сотко судьяларды тандоонун экинчи айлампасына кызуу даярдык жүрүүдө. Сын-пикир айтканы менен, жарындык коом 2-тур алдында Сот тандоо кеңешин компьютерлер менен камсыз кылган жана добуштарды компьютер аркылуу эсептөө тандоонун ачыктыгын камсыз кылат. Алгач токсон эки талапкер көрсөтүлсө, он алтысы өз ыктыяры менен сынакка катышуудан баш тартты, төртөө экинчи турга өтпөй калды жана эми экинчи айлампага 72 талапкер катышат.

Нургүл Жумабекова, Руслан Сабатаров, Коомдук биринчи канал

Система Orphus