Жогорку Сотко кимдер келе жатат (видео)

добавлен 13 июля 2012 17:47
просмотров 812

 

 

 

Сотторду тандоо кеңеши Жогорку соттун судьяларын тандоонун 3-күнүн жыйынтыктады. Кеңеш 15тен талапкердин документин карап, 37 талапкердин документин 2-турга катышууга уруксат берди.

 Бирок тандоо кеңеши жарандардан түшкөн арыз-даттанууларга көңүл бурбай жатканын коомдук талдоо институтунун директору Рита Карасартова белгилейт. Анын айтуусунда, бул уюмга талапкерлигин көрсөткөн 64 судьянын үстүнөн даттануулар түшкөн.

Коомдук талдоо институтунун директору, Рита Карасартова: “Тилекке каршы биздеги даттануулар аныкталган эмес деп, ага 3 балл, мамлекеттин сыйлыкка 10 балл берет экен. Бул эми тандоонун элдин даттануусуна канча, сыйлыктан күчү канча экенин көрсөтүп атат. Эми саясий сыйлык кандай негизде алынганын биз билбейбиз да”.

Экинчи турга катышууга мүмкүнчүлүк алгандардын катарында экс-укук министри Марат Кайыпов, апрель окуясы боюнча айыпталган мурдагы улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Мурат Суталиновдун бир тууган карындашы Гүлзар Суталинова бар

Сот тандоо кеңешинин мүчөсү, Айжамал Ажибраимова: “Конкурсту өткөрүү боюнча жобо кабыл алынган. Ошол жерде ар бир талапкерге бирдей процедура болушу керек деп жазылган. Ошол боюнча өткөрүлүп атат. Биз азыр эч кимди өткөргөн жокпуз. Документтерди гана карап атабыз, билими, стажы боюнча, анан баллдарды коюп атабыз”.

Сот көз карандысыз орган. Ал чечим кабыл алууда бирөөнүн кысымына кабылбай, тузагына илинбей, мыйзам менен гана иштеши керек.

Саясат таануучу Темир Жумакадырдын пикиринде, сот системасына жаш кадрлардын келүүсү реформаны ийгиликтүү алып кетүүгө өбөлгө түзөт. Ошол эле учурда соттордогу көз карандысыздык-жоопкерчилик менен бирдей деңгээлде болушу шарт.

Саясат таануучу, Темир Жумкадыр: “Көз карандысыздык - жоопкерчилик менен бирдей болгондо гана иш алга жылат...”

Тандоо кеңеши августка чейин Жогорку соттун 35 судьясын тандашы керек. Ага кеңеш - чынчыл, мыйзамды бийик туткан кишилерди алып келе алабы, жокпу-азырынча бүдөмүк. Анткени чиновниктердин арасында кылмышка байланышкандары бар. Алар өздөрүнө ылайыктуу кишилерди алып келгенге кызыктар дешет байкоочулар.

Бишкек, 12-июль, 2012-жыл (КТРК). 

Система Orphus