Кылмыш жоопкерчилигин ким тартат?

добавлен 20 июня 2012 14:44
просмотров 1142

 

 

 

Сот системасын козомолдоо боюнча жарандык кенешке, Нарын шаарынын жашоочусу Абдылдаева Жаныл, Нарын  райондук сотунун судьясы Б. Айтмолдоевдун чыгарган токтомуна нараазы болуп кайрылган.

Иштин манызы:   2008 жылы 30 сентябрьда Абдылдаева Жанылдын  21 жаштагы баласы,  Омуракунов Бекенди Нарын шаарынын  МАИ болумунун кызматкерлери  Рыспеков Нурлан  менен Айтманбетов Эрнис кызматтык эмес машинасы менен,бекитилген иш пландан сырткары кубалап, Омуракунов Бекен алардан коркуп качып баратып,жол кырсыгына кабыл болуп каза болгон. 

Рыспеков Н. менен Айтманбетов Э ,ушул оор кырсыкка оздору себепкер болуп турса  да,  кырсык  болгон  жерден  кетип  калышкан. Алардын Омуракунов Бекенди кубалаганын коргон  туруктуу 3 кубо бар.  Бул ишти  Нарын райондук  прокутатурасы изилдеп  чыгып МАИ  кызматкерлери  Нурлан  менен  Эрниске  карата  КРКЖКнин 305-ст. 2б. 5п.(кызматтык ыйгарым  укуктардан аша  чабуу),КР  КЖКнин 121-ст. 2б.(коркунуч  абалда  калтыруу)менен  айыптарын  угузуп, ишти  Нарын райондук  сотуна  кароого  жиберишкен.

Ошол  учурда  Абдылдаева  Жаныл  экинчи  топтогу  майып, жалгыз баласынын оор кайгысын которо албай, мурунку  оорулары  козголуп ,эпилепсия, депрессия,ищемический инсульт, сахарный диабет оорулары менен  ооруп калган.

12 январь 2008 жылы  Абдылдаева  Жанылды эрте  мененки  10 до,диазепам жана  кучтуу  снотворный дарыларды  алгандан  кийин,сотко  алдын  ала  чакыруу  жибербестен, сотко  алып  барып  катыштырышкан. Абдылдаева Ж.  сот  залында  озун  жоготуп, жыгылып тез жардам  чакырылган. Ал эми  соттолуучулар Абдылдаеванын озуно  ОЗУ  жооп бере албай т урган  абалынан  пайдаланып, оз ара элдешуу  тосмо  арызын  жаздырып  алышкан.   Эксперт   психиатрдын корутундусу менен  Абдылдаеванын  жогорку  оорулар  менен  ооругандыгы  жана  дарыларды  тура  кабыл  алгандыгы, ал эми  диазепам, корвалол, папаверин дарыларын  чогуу  ичкенден   кийин  6-7 саат   ал озунун  иш аракеттерине  толугу  менен  жооп  бере  албастыгы  аныкталат.Ишти  карап   жаткан   судья Айтмолдоев жабырлануучу   Абдылдаеванын  оор  абалына  карабастан,  кайра эле 14 январьда  жабырлануучу  жана 3 кубону   чакырбастан  токтом  чыгарган.

Кыргыз  Республикасынын  Жазык  процесстик   кодексинин  61  беренесине  ылайык  кубо  жуйолуу  себепсиз   келбей  калса, ал  мажбурлап  алынып  келиши  жана  ушул  Кодекстин 120, 121-статьяларында  каралган  тартипте  сот тарабынан  эсептик корсоткучтордун  эки олчомундо  акчалай  айып   тарттырылышы  мумкун.

Ушул  эле   кодекстин  117 беренеси  боюнча  кубо чакырганда  жуйолуу себепсиз  келбей  койгон   учурда, тергоочунун, судьянын  жуйолоштурулгон   токтому же соттун  аныктамасы   боюнча   айдалып    келиниши (мажбурлап  алып  келуу)  мумкун. Чакырган учурда  белгиленген  моонотундо  келууго  тоскоол  болгон  жуйолуу  себептер  бар экендиги  тууралу  шектуу, айыпкер, соттолуучу  ошондой  эле  жабырлануучу  жана  кубо  оздорун  чакырган  органга  билдирип  коюуга   милдеттуу.

Жогоруда  айтылгандай, Нарын  райондук  соту  кандайдыр  бир  себептер  менен  куболорду  чакырган   эмес.

2009  жылы 14 январда Нарын областынын Нарын  райондук  соту, торагалык  кылган  судья  Айтмолдоев Б  ,соттолуучулар  Рысбеков Н.М. жана Айтмамбетов Э.К. айыпталган  жазык  иши  боюнча ,КЖКнин 66 берениси  боюнча  ондуруштон кыскартылсын  жана  кылмыш-жаза  жоопкерчилигинен  бошотулсун  деген  токтом   чыгарган.

Кыргыз  Республикасынын   66 беренесинин   талабына   ылайык, чон  коркунуч  келтирбеген  кылмышты  биринчи  жолу  жасаган  адам  жабырлануучу  менен  маккулдашууга   жетишсе, кылмыш  жаза  жоопкерчилигинен  бошотулушу  мумкун  деп  корсотулот, ал эми   КЖКнин  305 беренесинин 2- болугунун 5  пункту ,КЖКнин  12- беренесине   ылайык  оор  кылмыштардын   катарына   кирет.

Р.S.  Сот кандай  учурларда  бир  жакту  жана  негизсиз  чечим  чыгара  алат   жана  Омуракунов   Бекендин  кырсыктуу   олуму   учун   жоопкерчиликти   ким    тартат ?

Система Orphus