Бейбаштыкты жеңүүбү же көрсөткүчтөрдү көбөйтүүбү?

добавлен 22 сентября 2022 15:46
просмотров 354

 

 

2022-жылдын  15-сентябрь куну Бишкек шаарынын  Бирин Май райондук сотунда төрага кылуучу судья Сатарбек у. М. укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси менен (майда бейбаштык)   жаран А. А. карата  иш карады.

15- сентябрь күнү Биринчи Май райодук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери рейд жүргүзүп, Логвиненко-Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде турукту үйү жок жарандарды арак  ичип, сөгүнүп, коомдук тартипти бузуп отурган жерден алып келишкен.

Судья айыптоолучунун укуктары жана милдеттемелери менен тааныштырды, адвокат сунуштады. Айыпталаган адам адвокаттан баш тартты. Өтүнүчтөр болгон жок, дароо ишти кароого өттү. Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы өткөргөн рейддин негизинде А.А. 126-берене боюнча “Майда бейбаштык” – ал сөгүнүп, арак ичип, коомдук тартипти бузуп паркта отурган жеринен алып келингенин билдирди.

Прокурор: Булар тартипти кантип бузушту, арак ичип атканын көрдүңөрбү?

Милиция: ооба, наркологияга алып барып, ичимдик ичкени аныкталды.

А.А.: Баарын мойнума алам, мени кечирип койгулачы, деп туруктуу жашасаган үйүм жок деп жооп берди.

Прокурор: Буга чейин ушундай абалга кабылдыңар беле?

А.А.: Ооба бир жолу түшкөм, эми кайталанбайт, жаңы жашоо баштайм, деп убада берди.

Судья иштеги кагаздарды карап баштады.

Прокурор: Майда бейбаштык менен келиптир штраф төлөй албайтко, ошондуктан 3 сутка камакка алууну сурайм деди.

Милиция: прокурор менен маакулмун.

А. А.: Кечирим сурайм, бул кайталанбайт.

Биринчи май райондук сотунун судьясы Сатарбек уулу Мирбек: Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126- беренесине ылайык А. А. карата 3 суткага камака алынсын деп токтом чыгарды.

P.S. Турукту үйү жок (БОМЖ) адамдарды рейд жасап, баарын 3 суткага кармагандын максаты кандай?

 

Бул иш-чара/бул басылма АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги тарабынан «Смарт Жаран» Ассоциациясы тарабынан ишке ашырылып жаткан «Жарандык мейкиндикти бирге кеңейтүү» долбоорунун алкагында каржыланган/ каржыланган. Бул жерде айтылган пикирлер, корутундулар жана корутундулар же сунуштар авторлорго таандык жана АКШнын Мамлекеттик департаментинин жана Smart Zharan ассоциациясынын көз карашын чагылдырбайт."