1,5 жыл мурун козголгон иш боюнча Руслан Бекназаров камакка алынды.

добавлен 21 сентября 2022 14:40
просмотров 435

 

 

2022- жылдын 15- cентябырында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда судья Туратбек Бекеновдун төрагалыгында Руслан Бекназаровдун - кармалгандыгынын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү боюнча, жана ошондой эле ага  карата бөгөт кою чарасы каралды. Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү (экстремистик материалдарды даярдоо, таркатуу) жана 255-берененин 1, 2-бөлүгү (террордук иштерди жүзөгө ашырууга ачык чакырыктар) боюнча айыпталууда.

Соттук процесс башталганга чейин Руслан мырза менен сүйлөшсөм, ал “Афганистанга Талибан уюму бийлике келгенде, Талибан жөнүндө жазганын билдирди (биздин расмий бийликтеги Масадыков мырза, ал жерге гуманитардык жардам менен барып келген да), бирөөгө барса болот, башкага жазса болбойбу деген суроо жаралат. Анан Халифат деген түшүнүк кайдан пайда болгон, эмнени билдирет, кайсы элде колдонулганы тууралу  жазгам дейт. Ал нерсеге чакырык жасаган эмесмин, расмий экстремистик материалдарды жайылткан эмесмин”- деп айтып берди.

 

Руслан Бекназаровдун жактоочусу бөгөт кою чарасы боюнча материалдар колума тийген эмес, токтом менен таанышып алууга  30 мүнөттүк тыныгуу  сурады. Судья өтүнүчтү канаттандырып материалдар менен таанышууга убакыт берди.

Көрсө бул кылмыш иши 2021-жылдын 14 – апрель күнү козголгон экен, анан ал кылмыш иш айыпталуучу адамдын өздүгү тастыкталбаган деген себеп менен кыскартылып. Бирок 2022-жылдын 12-сентябрда кайра тергөөчүгө прокуратура тарабынан берилип,  жандандырылыптыр.

1,5 жылдан кийин ошол иш кайра жандандырылып, бул кооптуу, оор кылмыш экенин эске алып бөгөт кою чарасын 1 айга камакка алып бергиле деп тергөөчү суранды. Айып коюлгандан кийин качып кетиши, элге терс таасир тийгизиши мүмкүн - деп камака алууну жүйөлөдү.

1,5 жыл мурун жазылган посттор үчүн азыр бул өтөө оор кылмыш, элге таасир тийгизет, качып кетиши мүмкүн деп айтууга негиз бар беле. 1,5 жылдан кийин кайра жандандырылган иштин негизинде бөгөт кою чарасын камакка алуу мыйзамсыз деп жактоочусу сүйлөдү. Үй камагын тандап берүүнүздү суранам, Руслан эч качан суракка келбей койгон эмес, дайым тергөөчүлөргө келип, суроолорго жооп берип жүргөнүн кошумчалады.

Руслан мырза өз сөзүндө мен 1,5 жыл мурун жазган постторумда чакырык жок, экстремистик материал эмес, бул иш боюнча мен бир нече жолу суракка келгем. Өзүм Свердлов районунун акиминин орун басары болуп иштейм, 4 баланын атасымын, үй камагын берсеңер, качып кетпестен, тескерисинче тергөө органдарына келип өзүмдүн кылмыш жасабаганымды далилдөөгө жардам берем, качып кетсем 1,5 жыл мурун кылмыш иши козголгондо, мага карата иш бар деп айтышканда  эле качып кетмекмин- деп сотко кайрылды.

 

Судья тараптарды уккан соң, кеңешүү бөлмөсүнө кетти, кайра келип тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандыруу боюнча токтомун жарыялады.

 

P.S. Бир жарым жыл мурун эмне болгонун даже карабай туруп, атасы оппозициялык көз караштагы сөздү сүйлөгөндөн кийин кыскартылган ишти кайра жандандырып Руслан Бекназаровду “нагло” камака алышты.