Сот жаза катары коомдук ишке тартуу тууралу токтом чыгарды

добавлен 12 сентября 2022 17:32
просмотров 464

 

 

2022-жылдын 6-сентябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда, судья А.Б. Медеровдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 70-беренеси (үй-бүлөлүк зомбулук) менен административдик иш каралды. Судья отурумду ачык деп жарыялады, катчы келген адамдар боюнча маалымат берди. Сот отурумуна укук бузуучу, жабырлануучу, прокурор жана Биринчи Май РИИБнин милиция кызматкери келди. Андан соң  сот отурумунун катышуучуларынын өздугун тактап, соттун курамын жарыялады. Андан кийин  укук бузуучуга кайрылып: «Сизге жактоочу керекпи?» деп сурады. Укук бузучу жактоочунун кызматты кереги жоктугун билдирди.  Андан кийин милиция кызматкери укук бузуучу жабырлануучуга карата ватсап аркылуу ар кандай коркутту сөздөрүн жана ошондой эле оозго алгыз сөздөр менен сөккөнун айтты.  Укук бузган жаран жасаган иштерин мойнуна алып, ал андай ишке мас абалында барганын билдирди жана соттон кечирим сурады. Жабырлануучу укук бузучу менен 10 жылдан бери жашабасын, бирок ага карабастан ал дайыма чалып тынчын алганын билдирди. Судья тараптарды угуп, иш материалына тиркелген документерди окуп берди да, тараптарга жарыш сөздө сүйлөгө мүмкүнчүлүк берди. Прокурор укук бузган адамга карата 3 суткага камакка алуу жазасын берүүнү сурады. Жабырлануучу: «Бул адамдын камакка алынусу мага кереги жок, өз ишин жасап жашай берсин, бир гана тынчымды албоосун сурайт элем» - деп сотко кайрылды. Сот тараптарды угуп кеңешүү бөлмөсүнө чыкты, бир аз убакыт өткөндөн кийин келип, укук бузучуга карата 40 саатка коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтомду жарыялады.

 

Бул иш-чара/бул басылма АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги тарабынан «Смарт Жаран» Ассоциациясы тарабынан ишке ашырылып жаткан «Жарандык мейкиндикти бирге кеңейтүү» долбоорунун алкагында каржыланган/ каржыланган. Бул жерде айтылган пикирлер, корутундулар жана корутундулар же сунуштар авторлорго таандык жана АКШнын Мамлекеттик департаментинин жана Smart Zharan ассоциациясынын көз карашын чагылдырбайт."