Кадамжай райондук сотуна мониторинг жүргүзүлдү

добавлен 22 марта 2022 10:16
просмотров 460

 

 

2022-жылдын 14-март күнү Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунда судья Тажибаев Илязбек Курванбековичтин төрагалыгында “Камкордукка алуу боюнча” боюнча сот отуруму болуп өттү. Сот отуруму саат 13:15ке белгиленип өз убагында башталды. Судья сот отурумун ачык деп жарыялады, катчы келгендер тууралуу маалымат берди. Буга чейин алдын ала сот отуруму болуп өткөн. Судья тараптардын өздүгүн тактоого өттү. Төрагалык кылуучу  судья баланы камкордукка алууну каалаган тараптарга сөз берип, тактоочу суроолорду берди.

Маалыматка ылайык А.С.Кнын жубайы  Ж.С.П., бир канча жыл мурда каза болгон. Эми 5 жаштагы кызын өз камкордугуна алуу үчүн сотко арыз менен кайрылган. Бирок каза болгон Ж.С.Пнын ата-энеси небересин төрт айынан баштап чоңойткондуктан, аны атасына өткөрүп берүүгө каршы болуп, камкорчулук (опекунство) жолу аркылуу гана биргеликте  чоңойтконго макулдук берүү мүмкүнчүлүгүн айтышты. Ошентип тараптар бир пикирге келе албагандыктан судья сот отурумун 2022-жылдын 18-март 10:30га калтырылды.