Кылмышкер карызын кайтарып берүүгө убада берди.

добавлен 17 марта 2022 15:52
просмотров 584

 

 

2022-жылдын 14-март күнү Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунда судья Абдисаматов Гайратбек Абдиладыевичтин төрагалыгында КРнын ЖКнин 204-беренеси боюнча сот отуруму болуп өттү. Ишти кароо саат 16:30га белгиленип, өз убагында башталды. Судья сот отурумун ачык деп жарыялап, катчы келгендер боюнча маалымат берди. Сот отурумунун жүрүшүндө судья айыпталуучуга сөз берди. Ал базардагы соодагерлерге баардык карызды банк аркылуу төлөп берүүсүн убада берди. Ошондой эле кылмышкер соодагерлерден карызын кайтарып берүүгө убакыт сурагандыгын, алар макул болгондугун кошумчалап судьяга билдирди. Бирок соодагерлердин айрымдары мындай макулдашууга каршы экендиктерин, жана акча каражаттарын банк аркылуу эмес, накталай кайтарып берүүсүн талап кылышты. Кылмышкер, анын жубайы жана уулу акчаларды банк аркылуу  которобуз деп жооп беришти.

Маалыматка ылайык Ж.М.С., аттуу жаран буга чейин Халмион базарында чайкана ачып, ага керектелүүчү эмеректерди, идиш-аяктарды баарын аталган базардагы соодагерлерден  карызга сатып алган. Ал эми карызды чайкананын ишин жолго коюп алып,  кайтарып берүүнү убада кылган. Бирок Ж.М.С.нын чайкана иши боюнча пландары ишке ашпай, банкрот болуп, соодагерлерди алдап чайканадагы бардык эмеректерди машинага жүктөп качып кеткен. Соодагерлер кылмышкерди сотко беришкен. Жалпы карыздын суммасы 150 миң сомду түзөт. Буга чейин айыпталуучу  5 эпизод  боюнча кылмыш ишине байланыштуу, ошондой эле  3 эпизод менен жорук ишине байланыштуу алдамчылык фактысы менен эркинен ажыратылган.  Судья иш материалдары менен танышып, күбөлөрдү угуп ишти кайра кароону 2022-жылдын 22-март 14:00гө калтырды.