Токмок шаардык сотунда мониторинг

добавлен 15 марта 2022 14:56
просмотров 470

 

 

2022-жылдын 9 март куну Чуй облусунун   Токмок шаардык сотунда мониторинг жургузулгон.  Судья  А.Тойгонбаев  Кырыгыз Республикасынын  ЖКнин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча ишити караган.  Ишти кароо саат 10:00 го дайындалган, соттук отурум саат 10:15 башталды себеби, видеоконференц байланышы начар болгон. Соттук отурумду судья ачып, соттук отурумга кимдер келгендиги тууралу соттун катчысы төмөндөгүлөрдү айтты. Соттук отурумга мамлекеттик айыптоочу, айыптоочулардын бирөөсү белгисиз себептер менен келбегиндигин, бирок алардын жактоочулары келгендигин билдирди. Видеоконференц байланышка  Наарын областук соту тарабынан чыккан жаран  байланыш начар болуп жатканын белгиледи. Судья  эмне себептен соттук отурумга айыпталуучу соттук отрумга келбегендигин жактоочусунан сурады. Ал билбегендигин айтты. Судья А.Тойгонбаев айыпталуучу келбегендигин билдирип, тараптардын пикирин сурады. Тараптар соттук отурум айыпталуучу жок соттук териштирүү мүмкүн эмес экендигин билдиришти. Соттук териштирүү  16.03.2022-жылы саат 10:00 дайындалды.

Ошол эле куну саат 14:00 судья А.Тойгонбаев  Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 204-беренеси боюнча  иш караган. Соттук отурум оз убагында башталган. Процессти судья А.Тойгонбаева ачып, соттук отурумга кимдер келгендиги тууралу соттун катчысынан сурады. Отурумга мамлекеттик айыптоочу, айыптоочулар, жактоочусу, жабырлануучулар жана алардын жакточусунун бирөөсү келбегендигин билдирди. Ошондой эле, өткөн соттук отурумда келбей калган банкттын өкүлү телефон аркылуу кечигип жаткандыгын билдирди. Торагалык  кылуучу  айыпталуучу тараптын өтүнүчү менен суракка чакырылган күбө кечигип жаткандыгын билдири, тараптар соттук отурум жактоочу жоктугун жана күбө соттук отурумда жок болуп жаткандыгын эске алып, соттук териштирүү мүмкүн эмес экендигин билдиришти.

         Соттук териштирүүнү судья  14.03.2022-жылы саат 14:00 дайындады.