Мурас талашкан соттук иши

добавлен 02 февраля 2022 09:57
просмотров 468

 

 

2022-жылдын 27- январь күнү Кара-Суу райондук  сотунда жарандык соттук иштерди караган судья Сооронбаев Н. К.нын кароосундагы соттук ишке байкоо жүргүзүлдү.  

Доогер  Х. С.  жоопкер У. М. аттуу жаран жана  Кара-Суу райондук мамлекеттик нотариалдык кеңсеси. Менчик укугу тууралуу күбөлүктү жана мыйзам боюнча мурас укугу тууралуу күбөлүктөрдү жараксыз деп табуу жөнүндө соттук иши саат 10:30га дайындалган.

Сот отуруму 25 мүнөткө кечигүү менен башталды. Судья Сооронбаев Н. К. сот отурумун ачык деп, процессуалдык нормаларды сактоо менен бул сот ишин карап баштады. Сот отурумуна доогердин өкүлү, жоопкер У. М. жана Кара-Суу райондук мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин юристи келген.

Төрагалык кылуучу доогердин доо арызын окуп берди. Ал жерде кыскача мазмунунунда жоопкер У. М. маркум жолдошу менен нике күбөлүгү жок болгон. Ажырашкан, мураска калган үйгө акысы жок болгон. Ошого карабай документтнрди  мыйзамсыз бүтүрүп алган деген дооматтарды келтирген.

Ал доо арызга жоопкер жазуу түрүндө каршы пикирин берди.

Төрагалык кылуучу каршы пикирди да окуп берди. Анын мазмуну төмөндөгүчө: " Жоопкер У. М.дин маркум жолдошу экөөнүн ортосунда 4 баласы бар, алар ажырашкан эмес. Ошол үйдө мурдатан жашап, паспортунда дал ошол дарек катталган. Ал үй мыйзамдуу түрдө мураска калганын айтып соттун чечими да бардыгын айтып кетти.

Төрагалык кылуучу тараптардын пикирин угуп. Бүгүн бул сот отуруму бүтпөй турганын жана бул процесстен кийин дагы башка процесстери бар экенин айтты жана ошол себептен сот отурумун башка күнгө жылдырды.