Белгилуу кримавторитетке карата козголгон кылмыш иш каралууда

добавлен 31 января 2022 12:58
просмотров 451

 

 

2022-жылдын 27-октябрь күнү Кара-Суу райондук сотунда төрагалык кылуучу судья Туманова В. С. КР ЖКнын 207-бер. 3-б., 215-бер. 3-б. менен айыпталган Д. К.нын сот отуруму саат 14:00гө белгиленген.

Сот отуруму өз убагында башталды. Төрагалык кылуучу отурумду ачык деп жарыялап, катчыдан кимдер келгенин сурады. Мамлекеттик айыптоочу,  бир жабырлануучу келген, айыпталуучунун адвокаты, ошондой эле айыпталуучуну конвой менен камсыз кылышкан. Бул иш боюнча жабырлануучу болуп Папан айыл өкмөтү жана Ош Электро болгон.

Төрагалык кылуучу соттук курамды жарыялап, айыпталуучунун өздүгүн тактап укук-милдеттерин түшүндүрүп кетти. Мамлекеттик айыптоочу айыптоо актысын окуду. Ал жерде кыскача мазмуну төмөндөгүдөй.

Айыпталуучу Д. К. «Дженго» аттуу кримтөбөл экендиги менен белгилүү. Айыпталуучу Д. К. Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнө караштуу жер тилкесин мыйзамсыз тосуп алып жогорку вольттуу линиясынын жакын жерге үй салып алган. Ошондой эле ал кылмыштуу жол менен алынган кирешелер легалдаштыруу (адалдоо) иштерин кылып бир нече миллион сомго особняк үйлөрдү, футбол аянтчасы, баня комплекси, жана фермердик чарбаларга ээ болгон. Массалык маалымат каражаттары бул иш боюнча жазышкан. Бул шилтемеден билсеңиз болот.  

Биринчи болуп жабырлануучунун өкүлү Папан айыл өкмөтүнүн юристи трибунага чыкты. Жабырлануучуну сурап баштаганда ал: «Билбейм, мен ал убакта иштеген эмесмин, бул иш менен тааныш эмесмин»,- деп прокурордун да айыпталуучунун адвокатынын да суроосуна толук жооп берген жок. Ишке тиешелүү маалымат берген жок.

Ошол себептен төрагалык кылуучу бул ишти билген Папан айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин чакырууну айтты. Сот отурумун башка күнгө жылдырды.

P.S. Папан айыл өкмөтүнүн юристи чынында билбейби же коркконунан көрсөтмө бербей жатабы табышмак бойдон калууда.