Табылган банги зат чайырбы же чанбы?

добавлен 10 января 2022 11:43
просмотров 773

 

 

2021-жылдын 23-декабрь күнү Ош облустук сотунун жазык иштер жана жоруктар боюнча соттук коллегиясынын төмөнкү курамында: төрагалык кылуучу судья Жобонов К. К. жана судьялар Жунусов З. Т., Закиров С. Ж. КР ЖКнын 268-бер. 2-б. жана 267-бер.3-б. менен айыпталган А. Ш.нын жазык ишин кароо саат 14:00гө белгиленген.

Сот отуруму кечигүү менен саат 15:10до башталды.

Соттук коллегия сот отурумун ачык деп келгендер жөнүндө сурады. Сот отурумуна айыпталуучу конвой менен камсыз болгон, айыпталуучунун үч адвокаты жана мамлекеттик айыптоочу келген.

Соттук коллегия айыпталуучунун өздүгүн тактап, укук-милдеттерин түшүндүрүп өтүнүчтөр тууралуу сурады. Айыпталуучунун адвокаттары өтүнүч келтиришти. Ал өтүнүчтө айыпталуучуга каршы далил катары келтирилген баңгизатка комиссиялык комплекстүү экспертиза дайындоону өтүндү. Адвокаттын айтымында ал баңгизат «гашиштын» чайыры деп соттук химиялык экспертизанын корутундуларында чыгарышкан. Бирок далил катары келтирилген зат гашиштын чайыры эмес, чаң сымал зат болуп чыккан. Бул маселе тергөөдө жана сотто изилденген эместигин, ошол чаңдын ичинде чайыр барбы, эгерде болсо салмагы канча экени толук изилденбегендиги жана ошол чайырдын салмагына карап күнөө квалификацияланышын айтты. Бул өтүнүчкө мамлекеттик айыптоочу тактай турган маселе бардыгын белгилеп каршы болгон жок.

Соттук коллегия кеңешип өтүнүчтү канаатандырган жок.

Айыпталуучунун адвокаттары дагы өтүнүч келтиришти. Анда бир, эки күбөнү жана химиялык экспертизаны жүргүзгөн экспертти сурака алууну айтышты. Соттук коллегия ордунан кеңешип өтүнүчтү канаатандырды.

Сот отурумун 11-январь күнгө жылдырды.

P. S. Бул соттук ишке Араван райондук сотунда байкоо жүргүзгөнбүз. Төмөнкү шилтемеде  http://www.koom.kg/index.php?act=material&id=5798