Ажырашуу боюнча доо арыз судья тарабынан канаатандырылды

добавлен 28 декабря 2021 13:29
просмотров 854

 

 

2021-жылдын 23-декабрь күнү Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунун судьясы Тажибаев Илязбек Курванбекович төрагалыгында  «нике күбөлүгүн жокко чыгаруу» боюнча сот отуруму болуп өттү. Ишти кароо саат 14:00 гө белгиленип, өз убагында башталды. Судья сот отурумун ачык деп жарыялады, катчы келгендер боюнча маалымат берди. Буга чейин нике күбөлүгүн жокко чыгаруу калтырылып, тараптарга кайра жарашып алууга сот тарабынан үч ай убакыт берилген. Бирок берилген убакытта тараптар жарашып алышкан эмес. Төрагалык кылуучу судья: “Эмнеге берилген убакытта жарашып алган жоксуңар, сүйүүңөр өчтүбү,кайра жанбайбы?”,- деп, тамашалашып, отурумга келгендерди да күлдүрдү. Доогер А.С.К., берилген убакытта жарашып алгандын ордуна, артка кетишкендигин, жубайы менен жарашуу мүмкүнчүлүгү такыр жоктугун билдирди. Ал эми А.С.К.,нын жубайы ажырашууга каршылыгын айтты. Судья тараптарды тең угуп, кеңешүүчү бөлмөгө чыкты. Кеңешүү бөлмөсүнөн кайтып, чечимди угузду. Ага ылайык доогердин нике күбөлүгүн ажыратуу боюнча доо арыз канаатандырылды. Чечимге наразы тараптар 30 кун аралыгында Баткен облустук сотуна даттанууга укутуу экенин билдирди.