Жоопкер жана анын жактоочусунун жоопкерчиликсиздик мамилеси ишти улам создуктурууга алып келди

добавлен 23 декабря 2021 11:02
просмотров 460

 

 

2021-жылдын 21-декабрь күнү Баткен облустук сотунда кылмыш иштери жана жоруктар боюнча соттук коллегиясынын курамында: төрагалык кылуучу судья Пазылов Мамасаит Мамытович, баяндамачы судья Нарынбаев Таштанбек Пахирович, судья Аданбаев Зарипбек  Максутович КР 320-беренесинин 2-бөлүгү менен айыпталып жаткан А.С.Ж., га карата кылмыш ишин кароого киришишти. Төрагалык кылуучу судья отурумду ачык деп жарыялады, катчы келгендер тууралуу маалымат берди. Процесс саат 10:30 га белгиленип, өз убагында башталды. Отурумда видео жана аудио жазуулар иштебей жатканы боюнча айтылды. Отурумдун жүрүшүндө айыпталуучу тарап жана анын  жактоочусу келбегендиктен, мамлекеттик айыптоочу ишти кароону башка күнгө калтырууну суранды. Ал эми жабырлануучу тарап алыстан келгендигин жүйөө келтирип, буга чейин жүздөн ашык сот отурумуна катышып бул маселе бир тарапка чечилбегендигинен наразалыгын билдирди.  Соттуку коллегия тараптардын пикирин угуп отурумду башка кунго калтырууга негиз жок деп тапты жана саат 11:30 га чейин тыныгуу жарыялады. Бирок айыпталуучу жана анын жактоочусу тыныгуудан кийин да келген эмес. Ошого байланыштуу кайрадан саат 13:30 га чейин тыныгуу жарыяланды. Тыныгыуудан кийин соттук коллегия ишти кароону улантып, тараптардын жана жактоочулардын пикирин угуп, ишти кыскартуу боюнча чечим кабыл алынды.