Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын козомолдоо прокуратурасы тарабынан 2021-жылдын 11-айында мамлекеттик айыптоону колдоо боюнча аткарган иштери

добавлен 20 декабря 2021 11:54
просмотров 670

 

 

Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасынын кызматкерлери 2021-жылдын 11-айында райондук соттордо Жазык-аткаруу органдарынын мекмелеринде жаза өтөп жаткан соттолгондор тарабынан, кайрадан кылмыш жасалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган   91 кылмыш иш  боюнча мамлекеттик айыптоону колдогон,  анын 83  кылмыш иши боюнча   айыптоо өкүмү чыгарылган, 8 кылмыш иш 8 адамга карата кыскартылган.

Жазык иштер  Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 26-бер.1-бөл. 12-п. менен 6 кылмыш иши 6 адамга карата, 26-бер.1-бөл.5-п.менен 1 кылмыш иши 1 адамга карата жана 26-бер.1-бөл.13-п. менен 1 кылмыш иши 1 адамга карата кыскартылган.

Сотто кылмыш иштердин каралгандын 90% квалификациясы боюнча  анча оор эмес кылмыштарды түзөт, алар өзүнүн спецификасына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 349, 350-беренелери менен каралган кылмыштар, тактап айтканда жатак-абактарынан, эркиндигинен ажыратуу жайларынан качуу,  жана эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны өтөөдөн качуу.

Ошондой эле, кээ бир кылмыштар  жаза мекмелеринде өтөп жаткан соттолгондордун арасында өз ара келишпестиктердин негизинде,  денелерине залал келтирип, анын кесепетинен, кайрадан тергөө амалдары жүрүп,  жасалган кылмыш үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган  да фактылар бар.

Мисалы: соттолгон Иванов В.В.(аты жөнү өзгөртүлгөн) 27.01.1981-жылы төрөлгөн, Ысык-Көл райондук сотунун өкүмү менен 2019-жылдын 27-сентябрында Жазык кодексинин 201-беренесинин  күнөөлүү  деп табылып, ага карата 5 жыл эркинен ажыратылган жаза чектелген. Соттун өкүмү күчүнө киргенден кийин, Кыргыз Республикасынын  Жазык аткаруу кызматынын комиссиясынын чечими менен №3 мекемеге жаза өтөөсү аныкталган.

2020-жылдын 14-августунда  мекемеде жаза өтөп жатып, саат болжол менен 14.30 чамасында  соттолгон Ш.Сидоров (аты жөнү өзгөртүлдү) менен өз ара келишпестиктин негизинде, аны сабап, денесине бир канча залал келтирген, алынган жаракаттын  кесепетинен   Ш.Сидоров үч күндөн кийин  каза болгон.

 Бул факты боюнча Жазык аткаруу кызматынын Тергөө башкармалыгы тарабынан сотко чейинки өндүрүш башталып №03-860-2020-000165 сандуу, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин  138-бер. 3-бол.1-п. негизинде катталган.

Тергөө амалдары жүргүзүлүп, күбөлөр аныкталып, соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун жыйынтыгы боюнча, Ш.Сидоровдун денесине келтирилген жаракат  “ден-соолука олутуу зыян” деп аныкталган.

11.03.2021-жылы тергөөнун жыйынтыгы боюнча, Иванов В.В. карата  жактоочунун катышуусу менен шектуу адам катары Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин  138-бер. 3-бол.1-п. негизинде  айыбы угузулган.

Адистештирилген прокуратура  тарабынан айыптоо актысы бекитилип, кылмыш иши Чуй областынын  Ысык-Ата райондук сотуна кароо үчүн жиберилген.

28.04.2021-жылы Чуй областынын Ысык-Ата райондук соту тарабынан  Иванов В.В. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин  138-бер. 3-бол.1-п. менен күнөөлү деп табылып, ага карата 8-жыл  эркинен ажыратылган жаза, 900 эсептик көрсөткүч штраф мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн. Жазык кодексинин 79-бер. колдонуп,  мурдакы өкүмдүн өтөлбөй калган бөлүгү жарым-жартылай кошулуп биротоло карата 9-жыл  эркинен ажыратылган жаза, 900 эсептик көрсөткүч штраф мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн. Бул өкүм күчүнө кирип, азыркы кундө соттолгон жазасын өтөөдө.  

 26  жорук иши  26 адамга карата каралып, айыптоо өкүмү чыгарылган, анын ичинен  17 жоруктар Кыргыз Республикасынын Жоруктар кодексинин 166-беренеси негизинде  жаза аткаруу тутумунун мекемелеринде кармалып турган адамдарга тыюу салынган предметтерди берүү  боюнча катталган.

 

             

Жазык-аткаруу тутумунун органдарында

жана мекемелеринде мыйзамдардын

сакталышын козомолдоочу  прокурордун

улук жардамчысы                                                                                                                                     Б.Шаемова