Сот отурумуна келбеген тараптарды мажбурлоо чарасы колдонулуп алып келинет

добавлен 26 ноября 2021 17:06
просмотров 547

 

 

2021-жылдын 23-ноябрь күнү Кадамжай райондук сотунда судья Абдисаматов Г.А. төрагалыгы астында КР КЖКнын 66-беренесинин 2-бөлүгү менен кезектеги сот отуруму болуп өттү. Процесс саат 11:00гө өз убагында башталды. Судья отурумду ачык деп жарыялады, катчы келгендер тууралуу малымат берди. Анда бүгүн өтүп жаткан отурумга жабырлануучу жана анын ишенимдүү өкүлү, күбөлөр келбегени маалым болду. Судья бул жагдай боюнча мамлекеттик айыптоочунун пикирин сурады. Ал келбеген тараптарды мажбурлоо чарасын колдону менен кийинки сот отурумуна алып келүү сунушун билдирди. Бул сунушка айыпталуучу тараптын жактоочусу да айыпталуучу да макул болушкан. Бирок кийинчерек жактоочунун пикири өзгөрүп мажбурлоо чарасын колдонбой эле алардын катышуусу жок бүгүнкү отурумду өткөзүү сунушун билдирип, прокурордун сунушуна каршы экенин малым кылды. Бирок тараптардын сот отурумунда катышуусу зарылдыгы эске алынып, прокурордун сунушу канаатандырылды. Ишти кайра кароо 2021-жылдын  29-ноябры 13:30га калтырды.