Кадамжай райондук сотундагы жумуш графиги тушунксуз жана татаал жазылган

добавлен 26 ноября 2021 17:04
просмотров 557

 

 

2021-жылдын 23-ноябрь күнү Кадамжай райондук сотуна биздин Баткен облусундагы байкоочубуз мониторинг жургуздү. Байкоочу барган учурдан баштап жумуш графигине көз чаптырган. Ал жумуш графигин бир карап чыккан учурда анын татаал жана түшүнксүз жазылганын тушүнгөн. Анткени Баткен облустук жана Баткен райондук сотторунда жумуш графиги бир жумага даярдалып, жарандарга түшүнктүү даярдалат. Ал эми Кадамжай райондук сотунда  сотто каралып баштаган  отурумдардын графиги биринчи катарга чыгып кеткен.  Келе жаткан жумада өтүүчү отурум саатары да тартипсиз жазылып ал астынкы катарга илинген. Мисалы: 22,23,24,25-ноябрь эмес башаламан 24,22,25-ноябрь деп даталары коюлган.  Мындай учурда отурумга келген жөнөкөй жарандар баш аламан жумуш графигинен кантип өздөрү катыша турган отурумду таба алат деген суроо туулбай койбойт. Бул боюнча биздин байкоочу катчыларга кайрылган. Бул катачылыкка Ажиматов У. А. катчысы жол койгон. Катчыга  төрага тарабынан эскертүү берилип жумуш графигин ирети менен жөнөкөй жана элдерге тушүнүктүү кылып даярдоо тапшырмасы берилди. Биз буга чейин да жумуш графиги Кадамжай райондук сотунунда жаңыланбаганы тууралуу жазганбыз.

 PS: Байкоочу: “Мен сотторго мониторингке барган учурда албетте биринчи кезекте жумуш графиктерине көз чаптырам.   Жумуш графиги канчалык жөнөкөй жана жарандарга түшүнүктүү экендигине, белгиленген сот отурумдарынын датасы эскирбей жаңыланганына байкоо жүргүзөм. Бул ирет Кадамжай райондук сотунда жарандарга эле эмес байкоочу катары мага да тушүнүксүз,  татаал, даталары да тартипсиз жайгаштырылган жумуш графигине күбө болдум. Бул катаны катчы өз мойнуна алып мындан ары жөнөкөй жумуш графигин даярдоого убада берди. Биз да бул убадаларга ишенип жумуш графиктерине байкоо жүргүзүүнү улантабыз.”