Жоопкердин жашаган жери белгисиз.

добавлен 08 ноября 2021 16:38
просмотров 483

 

 

2021-жылдын 1-ноябрь күнү Ноокат райондук  сотунда жарандык соттук иштерди караган судья Жусупбаев Ш. Б.нын кароосундагы соттук ишке байкоо жүргүзүлдү.

Сот иши саат 11:00гө кароого коюлган. Доогер Ноокат районунун сот аткаруучулар кызмат болуму тарабынан жоопкер Р. М. аттуу жаранга карата  айып пулун эки эсеге көбөйтүп берүү боюнча.

Сот отуруму өз убагында башталды. Судья Жусупбаев Ш. Б. сот отурумун ачык деп, процессуалдык нормаларды сактоо менен  сот ишин карады. Сот отурумуна Ноокат районунун САКБ бөлүмүнүн сот аткаруучусу Ж. К. келген, ал эми жоопкер Р. М. атту жаран келген жок.

САКБ бөлүмүнүн сот аткаруучусу Ж. К.нын айтуусунда, жоопкер Р. М.ди таап, айып пулун төлөтүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Жоопкер Ноокат районунда жашабай жатканын, жоопкердин атында эч кандай кыймылсыз мүлк жок экенин белгилеп кетти. Бул нерселерди айтканында, судья жоопкердин өзү соттолгондун, ал Ноокат районунда жашай турганын, мурун жоопкерди өзү соттогондугун билдирди. Буга кошумча айып пулду жоопкер төлөгөндүгү же төлөнбөгөндүгү такталгандан кийин сот процесси улана тургандыгын айтты. Сот отуруму ушу менен аяктап,  башка күнгө жылдырылды.