Ош шаардык соттук тергоочунун мыйзамсыз иши

добавлен 27 октября 2021 15:07
просмотров 599

 

 

2021-жылдын 25-октябрь күнү Ош облустук сотунда жазык иштер жана жоруктар боюнча соттук коллегия курамында төрагалык кылуучу Кубатов А. Э., судьялар: Исажанов К. С. жана Жунусов З. Т. Ош шаардык сотунун 2021-жылдын 12-октябрындагы токтомуна карата арыздануучу Д.Камилованын  апелляциялык арызын кароо саат 10:30га дайындалган.

Сот отуруму өз убагында башталды. Соттук коллегия сот отурумун ачык деп, катчыдан келендер жөнүндө сурады. Сот отурумуна мамлекеттик айыптоочу, Камилова Д. жана анын жактоочусу келген.

Соттук коллегия биринчи сөздү апелляциялык арыздын ээсинин жактоочусуна берди. Анын айтымында соттук тергөөчү Абдразаков Н. соттук өндүрүшкө чейинки гана материалдарга баа бергенге укуктуу. 2021- жылы 21-сентярда Ош шаардык сотундагы соттук тергөөчү Абдразаков Н.дин чыгарган токтому негизсиз экенин жана андай ыйгарым укугу жоктугун айтты. Кийинки сөз Камилова Д.га берилди. Өзбекстандын жараны Камилова Д. 1986-жылы Кыргызстандын жараны Камилов Д.га турмушка чыккан. Ал экөө нике күбөлүгүн алышкан жана алардын ортосунда 5 баласы бар. 2019-жылы жолдошу Камилов Д. каза болгон. Жолдошунун колунда Касалиева аттуу жаран бухгалтер болуп иштеген. Жолдошу Камилов Д. каза болгондон кийин, анын биринчи аялынын баласы жогоруда айтылган бухгалтер Касалиева менен сүйлөшүп маркумдун үйүн, экинчи аялы Камилова Д. менен бирге кылган дүкөнүн, жасалма документ жасап, өткөрүп алган. Ал эми үйдүн жана дүкөндүн чыныгы документи үйдө тургандыгын айтты.

Буга чейин Камилова Д. арыз жазганда, тергөөчү аны жабырлануучу деп тапкан. Бирок сотто Камилова Д.ны күбө катары таап, аны сот отурумунан чыгарып жиберишкен.

Соттук коллегия экинчи тараптын оюн сурады. Экинчи тараптын жактоочусу Ош шаардык сотунун чечимин күчүндө калтыруусун суранды. Ал эми мамлекеттик айыптоочу ЖПКнин 31-беренесин негиз кылып Ош шаардык сотунда кабыл алынган чечим мыйзамсыз жана негизсиз экенин айтты.

Соттук коллегия апелляциялык арызды канааттандырып, Ош шаардык сотунун чечимин жокко чыгарды.