Начался конкурсный отбор в Джалал-Абадский городской суд

добавлен 26 октября 2021 15:55
просмотров 1526

 

 

26 октября 2021 года Совет по отбору судей КР начал конкурсный отбор на одну вакантную должность судьи Джалал-Абадского городского суда Джалал-Абадской области.

Двое кандидатов выполнили письменное задание и прошли собеседование с членами Совета на определение профессиональных и волевых качеств.

Первый кандидат – Ганиев Жоомарт Махамадисакович. Его возраст - 36 лет. Он работает судебным исполнителем в ПССИ Кадамжайского района Баткенской области и имеет более 12 лет юридического стажа. По результатам компьютерного тестирования набрал - 83 балла. Кандидат является юристом 1-го класса. Во время беседы Ганиев Ж. М. рассказал об основных моментах Концепции судебно-правовой реформы, перечислил гарантии независимости судьи. Также претендент раскрыл содержание института депонирования свидетельских показаний и рассказал о том, что понимается под обоснованным судебным решением. В результате беседы Ганиев Ж. М. набрал 48,142 баллов.

Вторым собеседование прошел - Камчыбеков Эмильбек Асылбекович. Возраст кандидата- 32 года. Стаж по юридической профессии – 10 лет. На данный момент работает помощником судьи в Административном суде Джалал-Абадской области. По итогам компьютерного тестирования Камчыбеков Э. А. набрал 81 балл.  Во время беседы он рассказал про иерархию нормативно-правовых актов КР, затем, о том как разрешаются коллизии между ними. Председатель Камчыбеков Ш. Р. спросил: «Как вы повышаете свою профессиональную квалификацию?» Конкурсант ответил, что в-первую очередь перечитывает судебные акты областного суда, которыми отменены акты судов первой инстанции, и  тем самым он пытается понять, где судьи допустили ошибку. По результатам проведенной беседы он получил 45,875 баллов.

На этом заседание подошло к концу.

 

Жалал-Абад шаардык сотуна сынактык тандоо башталды

2021-жылдын 26-октябрында Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңеши Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоону баштады.

Эки талапкер жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткарып, алардын кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо үчүн Кеңештин мүчөлөрү менен маектешүүдөн өтүштү.

Биринчи талапкер Ганиев Жоомарт Махамадисакович. Анын жашы 36 жашта. Баткен облусунун Кадамжай районунун сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүндө сот аткаруучу болуп иштейт жана 12 жылдан ашык юридикалык тажрыйбасы бар. Компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 83 балл алган. Талапкер 1-класстагы юрист. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Ж.М.Ганиев сот-укуктук реформа Концепциясынын негизги пункттарына токтолуп, судьянын көз карандысыздыгынын кепилдиктерин санап өттү. Ошондой эле, талапкер көрсөтмөлөрдү берүү институтунун мазмунун ачып берип, соттун жүйөлүү чечими эмнени билдирерин айтып берди. Маектешүүнүн жыйынтыгында Ж.М.Ганиев 48,142 балл алды.

Экинчи маек Камчыбеков Эмилбек Асылбекович менен болду. Талапкердин жашы 32 жашта. Юридикалык кесиптеги тажрыйбасы - 10 жыл. Учурда Жалал-Абад облусунун административдик сотунда судьянын жардамчысы болуп иштеп жатат. Компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы менен Э.А.Камчыбеков 81 балл алды. Маектешүүнүн жүрүшүндө ал Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын иерархиясы, андан кийин алардын ортосундагы карама-каршылыктарды чечүү жолдору жөнүндө айтып берди. Төрага Ш.Р.Камчыбеков сурады: “Профессионалдык квалификацияңызды кантип жогорулатасыз?” Сынактын катышуучусу биринчи кезекте биринчи инстанциядагы соттордун актыларын жокко чыгарган облустук соттун сот актыларын кайра окуп чыгып, ошону менен судьялар кайсы жерден ката кетиргенин түшүнүүгө аракет кылаарын айтты. Маектешүүнүн жыйынтыгы боюнча ал 45,875 балл алды.