Ден-соолугунан мумкунчулугу чектелген жаранга кайрадан психиатриялык экспертиза дайындалды

добавлен 22 октября 2021 15:46
просмотров 632

 

 

      2021-жылдын 19-октябрь күнү Баткен райондук сотунда судья Ажимуратов Б. К. төрагалагында жарандык иш каралды. Иштин мазмуну “Ден-соолугунан мүмкүнчүлгү чектелген жаранды жөндөмсүз”,- деп табуу жөнүндө. Сот отуруму саат 11:00 гө белгиленип, бирок прокурордун кечигип келгенине байланыштуу 11:20 да башталды. Судья процессти ачык деп жарыялап, катчы келгендер тууралуу маалымат берди. Иштин  жүрүшүндө судья тараптарга сөз берүүдөн мурда, тараптарга укук жана милдеттери тууралуу маалымат берип өттү. Судья  Ажимуратов Болотбек Камилович арыз берүүчүгө карата “эмне үчүн аракетке жөндөмсүз деп табууга негиз бар деп эсептейсиз?”,- деп сураганда, майыптыгы бар жаран А.С.П.,нын бир тууган агасы Ж.С.У., инисин мүмкүнчүлүгү чектелип, аракетке жөндөмү жок экендигин ырастаган. Судья тараптарга: “Суроолор барбы?” - деп кайрылган учурда, мамлекеттик айыптоочу да  Ж.С.У., га инисинин качан психиатриялык экспертизадан өткөндүгүн сурады ал “көп жыл болду”,-деп жооп берди. Сот тараптардын жана келтирилген документтердин негизинде кайрадан психиатриялык экспертизадан өткөрүүгө каршылык жокпу деп сурады. Тараптар буга каршылыктар жок деп жооп берди. Ошентип сот, А.С.П.,ны  “Ден-соолугунан мүмкүнчүлгү чектелген жаранды жөндөмсүз”,- деп табуу үчүн карадан психиатриялык экспертизадан өткөрүүгө чечимин кабыл алды. Сот отуруму аяктады.