Ким жалган суйлоп жатканы белгисиз иш

добавлен 22 октября 2021 14:36
просмотров 570

 

 

2021-жылдын 19-октябрь күнү Ош облустук сотунда жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу Мадмарова Э. А. , судьялар Кыдырбаев Д. С. жана Майлубашев М. Р. Ош шаардык сотунун 21-июндагы чечимине карата Ж. А.нын  апелляциялык ишин кароону саат 14:30 белгилешкен.

Сот отурумуна жоопкер Ж. Б. , анын жактоочусу,  доогер Ж. А. жана бир күбө өз убагында келишти.  Ал эми доогердин жактоочусу жарым саатка кечигип келди. Ошол себептен сот отуруму кечигүү менен саат 15:00тө башталды.  

Бул сот отурумда бүт процессуалдык нормалар сакталды.

Алгач доогер Ж. А. га сөз берилди. Анын айтымында 2013-жылы доогердин жеңеси А. Г. жоопкерден айына 20% менен 60 000 сом акча алып, доогер Ж. А.нын үйүн бирге күрөөгө коюшкан. Бул иште эки тарап нотариус аркылуу келишим түзүшкөн. Келишим түзүп жатканда доогер Ж. А. жолдошунун уруксаты жок күрөөгө койгон. Жана ал жөнүндө тил кат жазып берген. Доогер Ж. А. жана анын жеңеси А. Г. 1 ай өткөндө 115000сом пайызы менен кайтарганы келгенде жоопкер Ж. Б.ны жана нотариус иштеткен аялды таппай калышкан. Арадан 3 ай убакыт өтпөй доогердин үйүн башка адамга сатып жибергенин билип калганын айтып көз жашын төгүп үйсүз калганын айткан.

Нотариус иштеткен аялга иш козголуп тергөө иштери жүрүп жатканда өз өмүрүнө кол салып каза болгон. ошол себебтен ал иш кыскартылганын доогердин жактоочусу белгилеп кетти.

Жоопкер Ж. Буга сөз берилди. Жоопкердин айтымында бул иш такыр башкача болгон. Жоопкер ал убакта Казакстанда соода кылган. Ал Казакстандан келип үй алуу максатында радио түйүнгө түшүп үй карап жүрүп доогердин жеңеси А. Г. менен таанышып калып, үй сатып жатканын айткан. Жоопкер Ж. А., Доогер Ж. Б. жана жеңеси А. Г. болуп үйдү көрүп, үйүн 26 500 АКШ долларына сатып алган жана жогоруда айтылган нотариуста өткөрүп беришкен. Жоопкер үйдү алып кайра Казакстанга соодасына кеткен. Бирок бир нече убакыттан кийин ушул чыр башталып. Сотко чуркап доогерлердин айынан соодасы болбой жолдошу менен да ажырашып кеткенин жана азыркы учурда бала бакчада иштерин айтты. 

Соттук коллегия күбө доогердин жеңеси А. Г.ны да сурады. Ал доогер айткан окуяны эле айтты. Андан сырткары ошол учурда күрөө канага алтындарын күрөөгө коюп. Ошол алтындарым чыгарып алуу максатында жоопкерден 60000 сом алганын кошумчалады.

Бул жерде ишти кандай болгонун көрсөткөн эч кандай маалымат жок. Анткени бул иште катышкан нотариус да ушул иштин айынан асынып өз өмүрүнө кол салган.

Сот отуруму 2саатка созулду. Соттук коллегия баардык тарапты угуп кийинки сот отурумуна жарыш сөзгө даярданып келүүсүнө убакыт берди. Сот отуруму башка күнгө жылдырды.

P. S. Бул сот отурумда ким чын ким жалган сүйлөп жатканы белгисиз болду. Эки тарапта тең тастыктоочу документ жок болгондуктан жана окуя эки башкача айтылгандыктан соттук коллегияны да ойлондуруп коюшту.