Бангизат чеккен бала жана анын куйоо баласы

добавлен 01 октября 2021 14:23
просмотров 737

 

 

2021-жылдын 28-сентябрь күнү Ош шаардык сотунда төрагалык кылуучу судья Алибаев Б. М.  КР ЖКнын 267-беренесинин 2- бөл. менен айыпталган М. У. жана С. Ш.нын жазык ишин саат 14:00 белгилеген.

 Төрагалык кылуучу сот отурумун ачык  деп катчыдан кимдер келгенин сурады.

Катчы сот отурумуна айыпталуучулардын адвокаттары, мамлекеттик айыптоочу жана айыпталуучу С. Ш. келгенин айтты. Ал эми айыталуучу М. У. менен техникалык мүчүлүштүктөрдүн себебинен СИЗО менен байланыш болбой жатканын, бирок айтишниктер бул маселенин үстүнөн иштеп жатканын баяндады.

Төрагалык кылуучу 30 мүнөткө тыныгуу жарыялады.

Окуя боюнча айтып кетсек. Айыпталуучу С. Ш. айыпталуучу М. У.нун күйө баласы болот. Күйө баласы С. Ш. , М. У.нун карындашын уруп көзүн көгөртүп койот. Ага ачуусу келген М. У. күйө баласы менен сүйлөшкөнү барат. Сүйлөшүп алар көчөгө чыгып «наша»(баңгизат) чегишет. Булар наша менен кармалгандан кийин айыпталуучу М. У. тергөөдө  «нашаны күйө баласы С. Ш.дан сатып алгам»,-  деген көрсөтмө берет.

Саат 15:00дө сот отуруму уланды. Биринчи болуп СИЗОдо отурган айыпталуучу М. У.ну  сурап башташты. Анын айтуусу боюнча алар экөө жолдон тамекинин коробкасын таап алган. Ал коробканын ичинде наша болгон. Аны алар бирге чегишкен. Мамлекеттик айыптоочу эмнеге тергөөдөгү көрсөтмөсү менен азыркы көрсөтмөсү айырмаланып жатканын сурады. Ал күйө баласына өчөшкөндүгүнө жана милиция кызматкерлери тарабынан кыйноо болгондуктан тергөөдө жогорудагы көрсөтмөнү бергенин айтты.

Мамлекеттик айыптоочу аталган ишти азыр колго алганын белгилеп иш менен таанышууга убакыт сурады.

Төрагалык кылуучу мамлекеттик айыптоочунун өтүнүчүн колдоп сот отурумун  башка күнгө жылдырды.