Жабырлануучу тарап эч кандай зыян тарткан эмес

добавлен 22 сентября 2021 16:48
просмотров 532

 

 

                2021-жылдын 16-сентябрь күнү Ош облустук сотунда соттук коллегия курамында: төрагалык кылуучу Абдылдаев А. Ж., судьялар Жунусов З. Т., Исажанов К.С. КРнын ЖКнын эски редакциясынын 304-бер. 2-б., 315-бер.2-б. менен айыпталышкан К. А жана Д. Э.нин жазык иши саат 15.00 дайындалган. Соттук коллегия сот отурумун ачык деп жарыялап процессуалдык нормаларды сактады. Сот отурумуна прокурор, жабырлануучунун окулу, айыпталуучулар жана алардын адвокаты келишкен.

                Бул иш боюнча кыскача айыпталуучулар мурдагы мамлекеттик каттоонун (азыркы учурда Кадастрдын) кызматкерлери болгон. 2016-жылы мамлекеттик каттоо соттун чечими менен 200 гектар жерди бир адамдын жеке менчигине өткөрүп берген. Ал жерди айыпталуучулар болгон мамлекеттик каттоонун кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарышып жер тилкенин катталган укугун мамлекекттик актыга тамагасын тамгадай, числосун числодой кылып көчүрүп жазып койгон. Бирок айыпталуучуларга ошол документти жасалма жол менен жазган деп жогоруда айтылган беренелер менен айыпталышкан.

                Сот отурумунда айыпталуучулар соттун жана прокурордун суроолоруна жооп беришти. Ал эми жабырлануучу катары эсептелген азыркы Кадастрдын юристи айыпталуучуларга карата эч кандай доосу жок экенин жана эч кандай материалдык жана моралдык зыян тартпаганын айтты. Буга кошумча жабырлануучу айыпталуучуларга коюлган прокурордун айыбын колдогон жок. Соттук коллегия кийинки сот отурумунун баштоо убагы болуп калгандыктан процессти башка кунго жылдырды.