Алдап кеткен аялдан акча оно баштады.

добавлен 13 сентября 2021 14:43
просмотров 591

 

 

2021-жылдын 7-сентябрь күнү Ош шаардык сотунда төрагалык кылуучу судья Маматалиев Т. А. КР ЖКнын 204-бер. 3-б. менен айыпталган Э. М.нин жазык ишин саат 15:30дө кароону улантты.

Судья Маматалиев Т. А. сот отурумун ачык деп жарыялап,  кайсы иш каралып жатканын айтты.

Катчы сот отурумуна келгендер жөнүндө маалымдады. Сот отурумуна жабырлануучу, прокурор, айыпталуучу жана анын адвокаты келген. Андан сырткары сот отурумуна айыпталуучу Э. М.дин башка иштеринен жапа чеккен адамдар да көрүүчү катары келишкен.

Төрагалык кылуучу судья биринчи эле айыпталуучудан «Айыптоо актысын алдыңызбы?»,- деп сурады. Айыпталуучу айыптоо актысын алгандыгын айтты. Белгилеп кетсек буга чейинки болгон эки соттук отурумунда айыпталуучу айыптоо актысын албагандыгын айтып убакытты создуктурган. Биз бул жөнүндө жазганбыз.

Эки тараптын тең өздүгү такталып, укук милдеттери түшүндүрүлдү.

Прокурор айыптоо актысын окуду. Айыптоо актысын кыскача мазмуну төмөндөгүдөй: 2006 – жылы июль айында жабырлануучунун жер тилкесин айыпталуучу 25000 АКШ долларына баалап, анын 7000 АКШ долларын берип, жер тилкесин документтерин алып Ш. А.ге күрөөгө коюп, күрөөдө турган өзүнүн баатирин чыгарып алган. Жер тилкесинин калган акчасын бербей натыйжада 18000 АКШ доллар өлчөмүндө зыян алып келген.

Айыпталуучу айыбын мойнуна алды. Айыпталуучунун адвокаты жарашууга мүмкүнчүлүк сурап келтирилген зыяндын 60% алып келгенин айтып кетти. Бирок жабырлануучу айтылган акчаны бербей, алдап кетишин айтып, аталган акча сот отурумунда берилишин айтты. Айыпталуучу акчаны бергиси келбей, сот отурумунда да чыр чыкты. Судья сот отурумуна 10 минут тыныгуу жарыялап, чыгып кетти. Ошол учурда айыпталуучу жабырлануучуга 9800 АКШ долларын эсептеп берди. Сот тыныгуудан келгенден кийин айыпталуучу калган акчаны кийинки сот отурумуна алып келип беришин айтты. Төрагалык кылуучу судьяга жабырлануучунун адвокаты айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүп камакка алуу өтүнүчүн келтирди, ошондой эле прокурор айыпталуучу Э. М.га карата коллективдүү арыз түшкөнүн белгилеп, баш коргоо чарасын өзгөртүп камакка алуусун суранды. Айыпталуучунун адвокаты бул өтүнүчтөргө каршы болуп, айыпталуучу Э. М.нын сот отурумдарына калтырбай келгенин, келтирилген зыянды төлөп баштаганын айтып камакка албоосун суранды. Сот жабырлануучунун адвокаты жана прокурордун өтүнүчүн кароосуз калтырды.

Сот отуруму 17-сентябрга жылдырылды.