Доогердин отунучу эске алынып ал канаатандырылды

добавлен 09 сентября 2021 11:32
просмотров 592

 

 

2021-жылдын 7-сентябрь күнү Баткен райондук сотунда судья Индира Турдуманбетова Таштанбекова кезектеги мурас жөнүндө күбөлүктү жараксыз деп табуу боюнча ишти кароого киришти.

 Сот отуруму ачык деп жарыяланып катчы келгендер боюнча маалымат берди. Ишти кароо саат 15:00гө белгиленип өз убагында башталган. Судья доогерге суроо берүү үчүн ордунан турууну сурады. Ага өздүгүн тактоо үчүн суроо берилип, укук жана милдеттери угузулду. Кийин доогердин жактоочусуна сөз берилип ал иш боюнча токтолуп, өтүнүчүн судьяга билдирди. Судья жактоочунун өтүнүчүн канаатандырды. Ошол учурда жактоочу судьядан тарап менен тактап алышы керек болгон маселе болгондуктан 10 мүнөт тыныгуу берүүнү суранды жана судья бул өтүнүчтү да канаатандырды. Сот тыныгуудан кийин иш боюнча тараптардын пикирлерин жана документтерди карап чыгып чечим кабыл алуу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө чыкты. Кайра келип чечимди угузду ага ылайык доогердин өтүнүчү эске алынып ал канаатандырылган. Сот отуруму жабык деп жарыяланды.