2016-жылы жоюлуп кеткен ГСКНнын иши

добавлен 27 августа 2021 12:25
просмотров 487

 

 

2021-жылдын 20-август күнү байкоочу Ош облустук  сотуна жазык иштер жана жоруктар боюнча соттук коллегиясынын мониторинг кылганы келген. Тизмеде саат 10:00гө КРнын ЖКнын 204-бер. менен айыпталган Т. Б. К.нын жазык иши каралмакчы болгон.  

Саат 10:20 мүнөт өткөндө соттук коллегия  сот залына киришти, төрагалык кылуучу судья Масабирова Т. Ж. Бул соттук коллегия жарандык иштерди караганы маалым, бирок бул сапар алар жазык ишин кароосуна алган.

Төрагалык кылуучу сот отурумду ачык деп жарыялады. Бирок кайсы иш каралып жатканын айткан жок.

Катчы сот отурумуна келгендер жөнүндө баяндады. Сот отурумуна мамлекеттик айыптоочу жана айыпталуучунун адвокаты келген, күбөлөр келген эмес.

Мамлекеттик айыптоочу күбөлөрдүн бирөөсү АКШга кетип калганын, башкаларын  камсыз кылуу мүмкүн болбой жатканын белгилеп, алардын тергөөдөгү сурак протоколун окуп берүү өтүнүчүн келтирди.

Айыпталуучунун адвокаты ага каршы болду. Ошондой эле Жогорку соттун өкүмүндө бул ишти объективдүү изилдешин белгилеп кеткендигин, күбөлөрдү суракка алуу керектигин, ошолордун көрсөтмөсү менен бул сот иши болуп жатканын белгилеп кетти. Соттук коллегия мамлекеттик айыптоочунун өтүнүчүн канааттандырды, жана сурак протоколун окуп берди.

Эки опер кызматкери жана бир жөнөкөй күбөнүн сурак протоколунда 2016-жылы ГСКНдин опер кызматкерлери тарабынан баңгизат тараткан адамды кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлгөнү жөнүндө жазылган. Кайсыл убакытта, кандай жол менен бул операцияны ишке ашырылганы жөнүндө толук көрсөтмө берген.

Соттук коллегия кеңешип, күбөлөр көп болгондуктан жок дегенде алардын жарымын камсыз кылуу керектигин айтты.

Сот отуруму башка күнгө жылдырды.

P. S Сот отурумунан кийин, бул соттук процесс иш тизмесинде көрсөтүлгөн 204-берене эмес болуп чыкты. Аны катчы канцелярия адашып жазып алганын айтты.