Чырлуу жерби же коркутуубу?

добавлен 09 августа 2021 14:50
просмотров 622

 

 

2021-жылдын 30-июль күнү Ош шаардык сотунда төрага  Матисаков К. Н. доогер А. Х.  жана жаран М. Ж.нын ортосундагы талаш жараткан жер тилкеси боюнча сот отурумун улантты.

Төрагалык кылуучу кайсыл иш каралып жатканын белгилеп катчыдан кимдер келгенин сурады.

Катчы келгендер жөнүндө баяндады. Сот отурумуна мэриянын өкүлү жана жаран М. Ж. келген.

 Иш боюнча айтып кетсек жаран М. Ж.нын жер тилкесинен ары Ак-Буура дарыясы жана Ош шаарынын борбордук канализациясы өтөт. Ошол Ак-Буура дарыясын, ал жердеги жер тилкесин А. Х. өзүнүн менчик жери деп эсептейт жана аны тастыктоочу документтери да бардыгын айткан. Биз бул жөнүндө буга чейин жазганбыз. Судья буга чейинки аныктамасын окуп берди. Ал аныктамада Госрегистр, КАДАСТР, Мамэкотехинспекция , архитектура жана Мэриянын өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлүп жаран А. Х. жана М. Ж.нын жер тилкелерин жана аны тастыктоочу документтерди көргөнү барып протокол түзүү экотехинспекцияга жүктөлгөн. Бирок милдеттендирилген иш боюнча комиссия түзүлүп, аталган жерге барып протокол түзүлгөн эмес. Сот отурумуна бир нече убакыттан кийин Гос Регистр жана архитектуранын өкүлдөрү келишти. Матисаков К. Н. кайрадан   милдеттүү түрдө комиссия түзүлүп, 4-августка саат 15:00го барып, жер тилкесин көрүп протокол түзүүнү милдеттендирди.

 

P. S. Жаран А. Х. Ош шаардык базарында көптөгөн жер тилкелерине ээлик кылат. Ал мыйзамсыз, кооптуу курулуштарды курган. Аны жаран М. Ж. жана базарда отурган соодагерлер айтып чыккан. Бул туурасында телевидениеден да чыккан. Нааразычылык көрсөткөн активдүү соодагелерге карата жалган жалаа менен башка адамдар аркылуу сотко берип, коркутуулар да болгонун айтып жатышат.