Милиция болумундогу чуулуу олум боюнча соттук отурум уланууда

добавлен 27 июля 2021 12:30
просмотров 550

 

 

2021-жылдын 13-июль күнү Ош шаардык сотунда төрагалык кылуучу судья Туманбаев У. Б. КРнын ЖКнин 320-бер. 3-б., 143-бер. 2-б., 135-бер. 2-б. менен айыпталган милициянын ыкчам кызматкерлери А. С., Э. У., С. Д.,  А. Ш., О. А. жана Ш. С.тын жазык ишин кароону улантты. Сот отуруму саат 10:00го коюлган, бирок жарым саатка кечигүү менен башталды. Биз бул жөнүндө жазганбыз. Судья Туманбаев У. Б. сот отурумун ачык деп жарыялап, катчыдан кимдер келгенин сурады.

Катчы келгендер жөнүндө маалымдады. Сот отурумуна жабырлануучунун өкүлү, анын 3 адвокаты, мамлекеттик айыптоочу, айыпталуучулар, айыпталуучулардын жактоочулары жана 4 күбө келгенин айтты. Андан сырткары сот залында адаттагынча айыпталуучулардын тарапташтары көп келип, сот залына адамдар толуп кетти.

Окуя боюнча кыскача айтып кетсек: Ош облустук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Кызыл-Кыя шаарына атайын тергөө тапшырмасы менен маркум К. у. М.ти кармап келгени барышкан. Аны каракчылык боюнча ишке күбө статусунда карап жатышкан.  Ички иштер кызматкерлеринин айтуусу боюнча маркум К. у. М. кармоо учрунда пневматикалык пистолет менен каршылык көрсөткөн. Кызыл-Кыядан Ошко алып келишип, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын имаратына киргенден жарым саат аралыгында маркум К. у. М. каза болгон.

Маркумдун туугандары ыкчам кызматкерлердин кыйноосунан каза болду деп. Ал эми ички иштер башкармалыгы, жүрөгү кармап каза болгон деген билдируу жасаган. Бул окуя боюнча Азаттыктын материялы бул шилтемеде  https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan-militia-torture/30900888.html

Сот отуруму эртен мененки саат 10:30дан 17:20 чейин созулду.

Ушул убакыттын ичинде беш күбө окуя боюнча көрсөтмө берди. 

Судья Туманбаев У. Б. күбөлөргө толук жана даана кылып укук милдеттерин түшүндүргөн жок. Кыскача “калп сүйлөсөңүз жоопко тартыласыз”,-деген сөздөр менен чектелип жатты.

1-күбө Т. Ж. тез жардамда бөлүм башчы болуп иштейт. Тез жардамга белгисиз адамдар маркум К. у. М. жансыз алып келгенин, маркумдун денеси муздап калганын жана мойнунун 2 жеринде 4-5 сантиметрдей кызыл дактарды байкаганын айтты. Адвокаттардын “сиз медиксиз, эмнеден улам болгон дактар?”-деген суроолорго жооп бере алган жок.

2-күбө А. А. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары.

3-күбө К. С. Кара-Суу районунун ички иштер башкармалыгынын ага тергөөчүсү.

4-күбө Т. О. Кара-Суу районунун КПП кызматкери.

5-күбө М. Ж. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери.

Эң негизги суроолор  төмөндөгүчө болду:

“Эмне учун маркум К. у. М.ди күбө катары ЖПКда жазылгандай чакыруу берип чакырбадыңар?, Өз эрки менен келет деп ойлободуңарбы?,  Эмнеге Кызыл-Кыяда кармап ошол жердин тергөөчүсүнө жеткирип беришкен жок?, Кызыл-Кыядан Ош шаарына 90 км алыска алып келгендин эмне кажети бар эле?, Маркумду Ош облустук ички иштер башкармалыгынын имаратына саат канчада алып келдиңер? жана саат канчада кандай абалда алып чыгып кеттиңер? "-деген суроолор берилди.

2-күбө А. А. жана 3-күбө К. С.ге суроолор көп болду. Алар ЖПКны күнөөлөп " неграмотный жазылган, практикада колдонбой турган мыйзамдар бар", - деген сөздөрду айтышты.

Баардык күбөлөрдүн окуя боюнча айткандары, жана суроого жооп берип жаткандарында кээ бир жерлери дал келбей жатты.

Кеч кирип кеткенине байланыштуу  Туманбаев У. Б. сот отурумун 16-июльга жылдырды.