Кызын атасынан талашкан апасы арыз берип, отурумга келген жок

добавлен 17 июня 2021 16:32
просмотров 523

 

 

Баткен райондук сотунда  Ажимуратов Б.Кнын судьялыгы астында кезектеги сот отуруму болуп отту.

Ишти кароо 14:00го белгиленип, бирок кечигуу менен саат 14:15те башталган.  Катчы келгендер менен таныштырды. Судья сот отурумун ачык деп жарыялады. Бирок кызын атасынан алууну каалп, арыз берген апасы  А.Ж. сотко келген жок. Ошол себептуу арыз беруучу тараптын окулу отурумду башка кунго жылдырууну суранды. Отунуч судья тарабынан канаатандырылып, ишти кайрадан кароо 2021-жылдын 22-июну саат 11:00го калтырды. Катышуучулар тарабынан каршылыктар болгон эмес.