Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунда мониторинг жургузулду

добавлен 26 мая 2021 12:07
просмотров 759

 

 

25-май күнү Кадамжай райондук сотуна биздин байкоочу мониторинг жүргүзгөн. Имаратка киргенде эки корпус жайгашкан. Биринчи имаратта учурда сот аткаруучулар иш алып барат. Ал эми экинчи имарат өткөн жылы жаңы курулуп пайдалнууга берилген. Байкоочу барган учурда бөлүм башчысы тосуп алып имарат менен жана кызматкерлер менен тааныштырган. Имаратта жумуш графиги ар жума жаңыланат жана бөлүм башчысынын көзмөлүндө болот. Жаңы сот имараты бардык шарттар менен камсыздалган жана коопсуздук жагынан да талапка жооп берет. Жалпы үч чоң соттук зал бар. Эң астында архив жайгашкан.

Байкоочу Кадамжай райондук сотунун төрагасы Ажыматов Улан Абдыкаарович менен жолуккан учурда сот ишине байкоо жүргүүзү учурдун талабы экендигин жана алар тараптан бул колдоого алынаарын билдирген. Байкоочу  жумуш графиги ар жума жаңыланганы менен сот процесстери көп учурда кечигүү менен башталышына эмне себеп болот, бул жарандардын наразычылыгына себеп болбойбу деп суроо узатты. Төрага учурда Кадамжай райондук сотунда 5 судьяга бир прокурор бөлүнгөндүгү жана район чоң болгондуктан тараптардын кечигиши жана башка себептерден  ушундай жагдайлар жок эместигин моюнга алды. Бирок белгиленген күндөрү процестер өткөрүшүлүшнө аракет жасалаарын да  билдирди. Учурда Кадамжай райондук сотунда штаттык негизде 34 кызматкер иш алып барат жана судьялардын саны 5, 1 прокурор. Мониторинг учурунда байкоочуга тоскоолдуктар жана байкоо жүргүүзүүгө каршылыктар болгон эмес.