Сот залдары бош турса, отурумду кабинетинде откоргон судья

добавлен 21 мая 2021 11:30
просмотров 790

 

 

2021-жылдын 18-май күнү Ош шаардык сотунда төрагалык кылуучу судья Турдалиев Н. Н. КР ЖКнин 315-бер. 1-б. менен айыпталган жаран У. Х.дын сот отурумун саат 16:00 дайындаган.

 Байкоочу саат 16:00дөн баштап, жогоруда айтылган сот отурумуна катышуу үчүн сот залдарынын сыртында жайгашкан отургучтарда күтүп отурган. Бирок сот отуруму башталбай жатканынан байкоочу көтөрүлүп, судья Турдалиев Н. Н.дин секретарынан соттук процесс качан башталышын сураган. 

Секретарь: “Баары толук келди, азыр болот” - деп жооп берген.

Байкоочу сот отуруму сот залында болот деген ойдо сот залына тушуп кеткен.  Анткени ошол учурда 2 сот залы бош болгон.

Арадан 20 минут өткөндө судья Турдалиев Н. Н.нын секретры байкоочуга  сот отуруму судьянын кабинетинде болуп өткөнүн айткан.

Байкоочу чечимди сураштырганда судья Турдалиев Н. Н. кабинетинде өткөргөн сот отурумунда айыпталуучу У. Х.ды 3 жылга эркинен ажыратып, 2 жылга пробация дайындаганы белгилүү болгон.

 

P. S. Эки сот залы бош турса эмнеге жазык ишти кабинетинде карады? Байкоочуну сот отурумуна катыштыргысы келбедиби экен...? 

Же судьялар сот адилеттүүлүгүн жузөгө ашыруунун салтанаттуулугуна көңүл бурбай калышканбы?