Айыпталуучу жабыркаган тараптын сотко келбегенине нааразы

добавлен 12 апреля 2021 15:53
просмотров 615

 

 

2021-жылдын 8-апрель күнү Ош облустук сотунда КР КЖКнын 1-бөлүгүнүн 210-беренеси менен айыпталган жаран К. А. А.нын жазык иши  боюнча сот отуруму саат 11:00го дайындалган. 

Сот залында прокурор, айыпталуучу жана анын жактоочусу кутуп отурушту. Саат 11:25те соттук коллегиясынын курамындагы судья Исажанов К. С. (баяндоочу) жалгыз кирип, төрагалык кылуучу судья Жобонов К. К. ооруп жатканын жана судья Джунусов Бишкек шаарына иш сапары менен кеткенин белгилеп, сот отурумун 21-апрельге саат 11:00го жылдырганын айтты. Судья Исажанов К. С.: «Жабырлануучуну да чакырабыз, милдеттүү түрдө алып келебиз» деп айткан сөзүнө  айыпталуучу К. А.: «Эй онуңар келбейт!» - деп нааразы болду.  Судья Исажанов К. С.: «Келбесе приставтар менен алып келебиз» - деп жооп берди . Сот отуруму 21-апрельге жылдырылды.