Ишке калыбына келтируу боюнча доо арызды кароо уланууда

добавлен 17 декабря 2020 11:27
просмотров 812

 

 

2020-жылдын 16-декабрында Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда судья Ибраева Ч. Н. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлигине караштуу башталгыч билим берүү агентигинин алдында «Эмгек резервинин» дене-тарбия жана спорт боюнча республикалык борбордун директорунун ордуна  калыбына келтирүү боюнча, жаран Эралиевдин доо арызын карады. Биз бул иш тууралуу жазганбыз.

Сот отурумуна баардык тараптар, жана эки күбө келди.  Эн биринчиден доогер Э. Т. Эралиев көрсөтмө берди, ал доо арызды  толугу менен колдоп,  өзүнүн далилдерин келтирди. Доогер суралгандан кийин, Агенттиктин директорунун орун басары Б. К. көрсөтмө берди. Ал «2020-жылдын 25-июнунда Эралиевди жумуштан бошотуу боюнча приказына кол коюдан баш тарткам, себеби башка кызматкерлерден аны ооруп жатат деп уккам. Ага болбостон ошол убактагы директор Р. Р. Карасартова приказга кол коюп, Э. Т. Эралиевди жумуштан бошотуп койгон» - деп көрөсөтмө берди. Судья күбөдөн: «Ишке жарамсыздык баракчасы бар беле? Көчүрмөсү беле?» - деп сурады. Күбө «Эсимде жок, иши кылса бар болчу» деп жооп берди.

Андан сон, Агенттиктин өтүнүчү боюнча күбө катары Агенттиктин мурунку директору Р. Р. К. суралды. Анын көрсөтмөсүнө ылайык Э. Т. Эралиевдин жумуштан бошотулганы негиздүү, себеби анын жумушун текшерүүдө прокуратура жана эсептөө палатасы мыйзам бузууларды тапкан, анын негизинде дисциплинардык  чара көрү боюнча сунуш киргизилген. Алардын негизинде Э. Т. Эралиевге сөгүш жарыяланган, бирок доогер бул маселерди жойгон эмес, тескерисинче такыр байлынышка чыкпай, эки күндүн биринде ооруп жатам, деп ишке жарамсыздык баракчасын ачтыра берген. Кийин аны жумуштан бошотуу жөнүндө сөз болгон кезде, ага Жогорку Кенештин спикери болушуп чыккан. Доогердин  өкүлү бир эле суроону бир нече жолу күбөгө бергендиктен, сот ага эскертүү берип, сот залынан чыгарды.  Ошону менен күбө суралгандан кийин сот отуруму 2020-жылдын 17-декабрына  саат 11:00  жылдырылды.