Жалал – Абад шаардык сотунун судьялык 1 бош орунуна болгон сынактык тандоонун жыйынтыгы.

добавлен 19 июня 2020 15:20
просмотров 2064

 

 

2020 – жылдын 18 июнунда Жалал –Абад шаардык сотунун судьялык  1 бош орунуна болгон сынактык тандоо улантылды. Жыйын сот тандоо кеңешинин  төрайымы Барыктабасова Э.Б. мүчөлөр Кубатбеков А. Н., Калбаев А. Т., Абдырашитов Т. А., Кошокова Г.Ж., Сопубекова Н.Т., Түмөнов А. Ж., Тентимишов М. Б. жана Камчыбеков Ш.Р. катышуусу менен өттү. Жыйындын башында талапкерлер 40 мүнөт ичинде  жазуу түрүндө иш аткарышты, андан соң аңгемелешүү башталды.  Сынактык тандоодон, кийинки талапкерлер өттү.

Биринчи болуп аңгемелешүүгө талапкер Турсункулов Муктарбек Иманкулович чакырылды. Баяндамачы Н.Т.Сопубекова,  жеке маалымат боюнча талапкер 1988 -жылы төрөлгөн, толук жашы 32, билими жогору, юридикалык билими 2007–2011жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз  улуттук университети, окуу мөөнөттүү 4 жыл.  Юридикалык тажрыйбасы 7 жыл 8 ай, соттук тажрыйбасы жок. Квалификациалык тестин  жыйынтыгы боюнча 83 балл алган. 3- класстагы муниципалдык кызматтын инспектору. Азыркы учурда Чуй облусунун, Жайыл райондук сотунун судьясынын жардамчысы. Маектешүү учурунда талапкерге кийинки суроолор берилди: Мыйзамдуулук жана акыйкаттуулук дегенди чечмелеп бериниз ?  7- жылдык тажрыйба менен, сот болуу сиздин оюнуз боюнча болобу? Сиздин башка талапкерлерден эмне артыкчылыгыңыз бар?   Кесиптик деформация дегенди кандай түшүнөсүз?  Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине киргизилген өзгөрүүлөр жөнүндө айтып бериниз? Чынчылдык жана сатылбастык деген эмне? Судьянын процессуалдык өз алдынчалуулугу дегенди кандай түшүнөсүз?  Маектешүүнүн жыйынтыгында талапкер 45,778 балл алды.

Кийинки талапкер Шерматов Миран Бакытбекович, баяндоочу Тентимишов М.Б. Талапкер 1985- жылы төрөлгөн, толук жашы 34 жаш. Билими жогору,  3 класстагы юрист, Жалал-Абад шаардык сотунун судьясынын жардамчысы. Талапкерге кийинки суроолор берилди: “Коррупцияга каршы күрөшү жөнүндө мыйзам тууралу айтып бериңиз? Кыргыз Республикасынын адвокатурасынын  плюстары жана минустары? Кандай маалда калп айтасыз? 2019- жылы канча кодекс кабыл алынган жана алар кайсылар? Чыр- чатакты кантип чечесиз?” Талапкер Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзам тууралу айтып бере алган жок. Адвокатуранын жетишкендиги деп өз алдынча орган болуп калганын айтты,  2019- жылы  5 кодекс жана 2 жаны мыйзам  кабыл алынган деп жооп берип,   алар тууралуу айтып берди.  Маектешүүнүн жыйынтыгы боюнча 48,109 балл алды.

Эралиев Сейтбек Сейдалиевич аңгемелешүүгө келбегендигине байланыштуу сынактан талапкерлиги алынып салынды.

Жалал-Абад облусунун Жалал –Абад шаардук сотунун судьялыгына  талапкерлеринин аңгемелешүүнүн жыйынтыгында алган баллдары.

  1. Шерматов Миран Бакытбекович- 48,109 балл;

 

  1. Кадырбеков Тилек Кадырбекович – 47,779 балл;
  2. Калиева Клара Джакшылыковна -46 балл;
  3. Турсункулов Муктарбек Ыманкулович- 45,778 балл;
  4. Касымалиева Айтурган Байышевна -45,222 балл;

 

  1. Асылбаева Кымбат Рыспековна -44,875 балл;
  2. Суранчиев Жаныбек Эсенкалыевич- 44,445 балл;
  3. Сапаров Азамат Бакытбекович- 41,889 балл;
  4. Боронбаева Зарина Орунбаевна -39,222 балл.

Кеңеш, конкурстук тандоонун натыйжасы боюнча талапкер Шерматов Миран Бакытбековичти   Жалал –Абад шаардык сотунун судьясынын 1 бош ордунда дайындоо боюнча  Кыргыз Республикасынын  Президентине  сунуш киргизүү боюнча чечим кабыл алышты.