Жогорку сот соттордун катачылыктарын ондогонго кудурети жетеби?

добавлен 10 января 2019 10:44
просмотров 1155

 

 

Коомдук иликтөө институтунун коомдук кабылдамасына Талас облусунун, Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев Айыл Аймагынын (АА) тургуну Турдалиев Абдымомун кайрылды.

Иштин маңызы: Турдалиев Абдымомун  2017 жылы Аманбаев АА 5,5 га АЖМФ жерин ижарага алат. Көрсө ижарага алынган жер жайыт жери болгон, АӨ катачылыгынан жердин категориясы тураа эмес коюлуп калган. Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча  инспекциясы 2017 жылдын 16 майында акт тузуп, протокол жазып 30 кундук мөөнөттун ичинде бул жайытты өз калыбына келтирилсин, деп кетишет. Эки күндөн кийин 18 майда Экотехинспеция бул дыйканга карата 7 га жерди айдап салды деген доомат менен токтом чыгарып, мамлекетке 210 мин сом чыгым келди деп, + 7500 сом айып пул салып, жалпысы 217500 сомдук зыянды өндүрүп алуу боюнча чечим кабыл алышат.

Дыйкан, Экотехинспекциянын аракетин мыйзамсыз, деп табуу үчүн  сотко кайрылат, анткени административдик өндүрүш бир нече мыйзам талаптарын бузуу менен алып барылган. 

16. 06.2017 жылы Талас облусунун райондор аралык соту, төрага кылуучу Нартаев Н.К. Экотехинспекциянын токтомун мыйзамсыз, деп табат. Чечим бул жерде. Аныктама бул жерде.

6.10.2017 жылы Талас облустук сот курамында: төрага Калиева Дж, Боромбаев М., Жумагулова Ж. Талас областынын райондор аралык сотунун чечимин күчүндө калтырат. Аныктама бул жерде.

01.02.2018 жылы  КР Жогорку соту курамында: төрага Арапбаев Н., Боронбаева Д., Джумашев К. бул ишти карап чыгып, КР Жарандык кодексинин 183, 184 беренелерге таянып кабыл алынган чечимдерди бузуп, кайра кароого Талас облусунун райондор аралык сотуна жиберет. Токтом бул жерде.

10.05.2018 жылы Талас облусунун райондор аралык соту,  төрагалык кылуучу Ибраимов Т.М. бул ишти карап чыгып  Экотехинспециянын административдик жоопко тартуу боюнча токтомун мыйзамдуу деп, табып берет.  Чечим бул жерде.

27.08.2018 жылы Талас облустук соту  курамында: торага Эстебесов К.К., судьялар Тункатаров О.А., Султаналиева А.К. бул ишти бир кундө доогер жана анын окулу жок  өткөрүп коюшат. Талас облусунун райондор аралык соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырышкан. Аныктама бул жерде.

Кандай мыйзамдар бузулгандыгын бул жерге камтый кетелик:

  1. КР Конституциясынын 27 беренесинин 3 болүгүндө: Бир эле укук бузу боюнча эч ким кайра юридикалык жоопкерчилик тартпоого тийиш. А бул жерде, ушул эле негиз, ушул жер тилкеси боюнча Аманбаев АО мурунку башчысы кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
  2. АО башчысына кылмыш иши  2017 жылдын 25 майында козголгон, соттун өкүмү 2017 жылдын 24 ноябырында чыккан.  Ошондо, ЭМНЕГЕ ушул эле маселе боюнча административдик иш Талас облусунун райондор аралык сотунда (16.06.2017 ж) жана Талас облустук сотто (6.10.2017 ж) эмнеге токтотулган эмес?
  3. Эмнеге Жогорку сот (01.02.2018 ж.) КР АПКсында белгиленгендей 173 берене 6 бөл. бул соттук ишти доогер тарабынан билдирилген талаптардын чектеринде чечпей, Жарандык кодексинин 183, 184 беренелерине шилтеме жасап (ал беренелер бүтүмдүн жараксыздыгын жөнгө салат) а бул административдик иш, Экотехинспекциясынын аракетин мыйзамсыз, деп табып берүү жөнүндө болчу.
  4. Эмнегедир Талас облусунун Экотехинспекциясы ижара келишиминде 5,5 га жер деп так жазылганына карабай, мамлекетке келтирилген зыянды 7 га жерге эсептешкен?
  5. ЭМНЕГЕ Экотехинспекция 2017 жылдын 16 майында акт менен протокол түзүп бир ай мөөнөттө жерди өз калыбына келтирсин, деп кетип, эки күндөн кийин эле айып пул салуу чечимин чыгарышкан? Дыйканга же АО, биринчи чыгарылган акт боюнча жерди өз калыбына келтиргенге мүмкүнчүлү берген эмес. Чын айтканда, жайыт жер айдалып калгансоң дыйкан же АО тарабынан көп жылдык чөп өсүмдүк себилип калса, анда мамлекетке тескерисинче пайда болмок, анткени жер сапаттулугу жогоруламак.
  6. Эмнеси эң кызыгы, ушул сотто негиз болуп жаткан жерлер, тетиги Совет доорунда эле насостук станция аркылуу сугарылып, айдалып, пайдаланып келген. Бирок, жерлер такталып жатканда, категориясы жайыт категориясына кирип калган экен. Эми, ушул сугарылган жерди, расмий документ менен ижарага берейин деген айыл башчысы дагы кылмыш жоопкерчилике тартылып жатат, айыл өкмөткө дагы ижара төлөмдөр дагы салыктар дагы түшпөй калды.
  7. Дыйкандын айтымында, ошол эле жер тилкенин жанында, ошол эле жайыт категориясына кирген контурда, болжол менен 200 га жер ижара келишими жок, айдалып, пайдаланылып келет. Эмнегедир Прокуратура дагы, ошол эле Экотехинспекция эч кандай чара көрбөй келет. Кошстандарттуулук качан токтойт???

P.S. Кандай пикир келиспештик болбосун, ар бир жаран акыйкаттыкты, адилеттүүлүктүү соттон издейт экен. А Жогорку соттон, соттордун адилеттүүлүгүн издешет. Эртең 11 январда Жогорку сот өздөрүнүн кесиптештеринин ишине туура баа бере алабы, бул ушул эле ишке таандык эмес, бул жалпы Кыргызстандын эртеңки келечеги.