19 июль куну Соттор Кенешине караштуу Тартип комиссиясынын отуруму отту

добавлен 20 июля 2018 17:16
просмотров 3555

 

 

Кыргыз  Республикасынын Соттор Кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын  кезектеги отурумунун курамында: Тартип комиссиясынын төрайымы  К. К. Архарова жана комиссиянын мүчөлөрү Т. Бекешов, А. М. Тиллекеева, С. М. Муратбекова, Ч. С. Мусабекова, К. Т. Турганбеков жана  катчы К. Боронбаевдин катышуулары менен башталды.

Отурум саат 9:30 башталды, Чуй облусунун  Аламудун районунун прокурору   Чуй облусунун Аламудун райондук сотунун судьясы К. Т.  Байсовго карата  тартип өндүрүшүн козгоо жөнүндө Соттор кеңешинин Тартип комиссиясына сунуш келип тушкон. Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы карап, чечим кабыл алышты Чуй облусунун  Аламудун райондук прокурорунун кайрылуусун канааттандырып,  Чуй облусунун Аламудун райондук сотунун судьясы К. Т.  Байсовго эскертүү берди.

Саат 10:00  Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы А. А. Токбаеваны Чуй облустук  сотунун судьялары: А. Колубаев, Т. Умуркулов, У. Садырбековго карата  тартип өндүрүшүн козгоо жөнүндө Соттор кеңешинин Тартип комиссиясына сунуш келип тушкон. Баяндамачынын айтканына назар салсак, судьялар: А. Колубаев, Т. Умуркулов, У. Садырбеков тарабынан Исабековага карата "Бөгөт коюу чарасын тандоо" жөнүндөгү соттук материалдарын кароодо одоно түрүндө мыйзам бузууга жол берилгендигин окуп берди.  Чуй облустунун судьялары: А. Колубаев, Т. Умуркулов, У. Садырбековдор  кетирген кемчиликтерин түшүнүп, экинчи мындай кадамдарга барбашын айтышты. Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы чечим кабыл алышып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун сунушун канааттандырып,  Чуй облустук сотунун  судьялары: А. Колубаев, Т. Умуркулов, У. Садырбековго эскертүү берди.

Саат 11:00 Н. Раджапова  Ош облустук сотунун судьялары: А. Шамшиев, А. Кубатов  А.  Абдылдаевге карата тартип жоопкерчилиги, тартип жөнүндө кайрылуусун  Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы  карады.  Н. Раджапованын айтуусу боюнча, өкүм адилетсиз чыкканын,  соттук отурумда жай пикирин жана каршы пикирин  кабыл албаганын, ошондой эле, өтүнүчтөрүн  орундатпаганын, жарыш сөз учурунда жактоочусуна документ берип коеюн десе, «Сен эмне энеңдин төрүндө жүрөсүңбү?»,- деп судья А. Шамшиев  урушканын, соттор бир тараптуу болуп алганын, жолдошу өмүр боюу, баласы 12 жылга эркинен ажыратылгандан кийин  жабырлануучу тарап Уларовалар сотторго «Рахмат!» деп айтканын айтты.  Ал эми Ош облустук сотунун судьялары А. Шамшиев, А.  Абдылдаев  баардыгы мыйзамдын  чегинде болгонун айтышты. Тартип комиссиясынын мучосу: «Сен эмне энеңдин төрүндө жүрөсүңбү?!»,-деп айткан экенсиз?» деген суроо берди. «Чектен чыгуулар болгону үчүн эскертүүлөрдү бердим. Бирок андай деп айткан жокмун, айтууга акым дагы жок»,-деп А. Шамшиев жооп берди. Ошондой эле, «Чечим чыгарганда «Рахмат!» деп жабырлануучунун туугандары  Уларовалар силерге айткан экен канчалык денгээлде чындыгы бар»,-деп, Тартип комиссиясынын мүчөсү берген суроосуна, «Раджапованы соттогон учурда Уларовалар келген эмес жана процесске катышкан дагы эмес, бул жердеги жабырлануучулар таптакыр башка адамдар: Абдулаев Айбек жана Боруивдер бар»,- деп Ош облустук сотунун судьясы  А. Шамшиев, А.  Абдылдаев  айтышты.  Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясы чечим кабыл алышып жаран Н. Раджапованын кайрылуусун негизсиз деп,  баш тартты.

Саат 11:30 Кыргыз Республикасынын жараны Т. Асановдун Ош облустук сотунун судьялары: А. Шамшиев, А. Кубатов  А.  Абдылдаевге карата тартип жоопкерчилиги, тартип жөнүндө кайрылуусун   Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы   карады. Т. Асановдун кайрылуусунда 2017-жылы 20-декабрь куну Ош облусунун жазык жана административдик иштери боюнча соттук коллегиясы аныктаманы чыгарууда Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарын одоно бузган деп көрсөтмө берди. Ош облустук сотунун судьялары: А. Шамшиев, А. Кубатов  А.  Абдылдаев баардыгы мыйзам чегинде болгон, эч кандай кемчилик-каталар кетирилген эмес деген пикирлерин билдирди.  Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясы чечим кабыл алышып жаран Т. Асановдун кайрылуусун негизсиз деп,  баш тартты.

Саат 14:00  А. Шаршеналиевдин Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Ж. Жумабаевага карата тартип жоопкерчилиги, тартип жөнүндө кайрылуусун   Соттор кенешинин Тартип комиссиясы  карады. А. Шаршеналиев  Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Ж. Жумабаева негизи жок чечим чыгарганын айтты. Ал эми Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Ж. Жумабаева чечим мыйзамдуу чыкканын айтты. Акырында, Соттор кенешине караштуу Тартип комиссиясы чечим кабыл алышып жаран Т. Асановдун кайрылуусун канааттандырып, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Ж. Жумабаевага  алдын ала эскертүү берди.

Саат 15:00  Омуралиев Чуй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы С. И. Кузменького карата тартип жоопкерчилиги, тартип жонундо кайрылуусун   Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы  карады. Анда, Чуй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы С. И. Кузменьконун документтери жетишсиз болгонуна байланыштуу Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы 20-июлга жылдырды.

Саат 15:30  Э. Бойлонун Кыргыз Республикасынын  Жогорку Сотунун судьялары: Б. Батыралиев, М. Мельникова, Н. Асановага карата  жоопкерчилиги, тартип жонундо кайрылуусун   Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы судьялар өргүүдө жүргөнүнө байланыштуу кийинкиге жылдырды.

Саат 16:00 Кыргыз Республикасынын жараны Дададжанованын Ош шаардык сотунун судьясы М. Авазовго карата тартип жоопкерчилиги  жөнүндө кайрылуусун Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы карап, чечим кабыл алышты жаран Дададжанованын кайрылуусун негизсиз деп, баш тартты.

Саат 16:30 Базаркулова Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунун судьясы М. Нармырзаевге карата тартип жоопкерчилиги, тартип жөнүндө кайрылуусун   Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы карады. Базаркулованын өкүлдөрү  судья адекваттуу карабай, соттук отурумда айткандарын укпай койгонун  айтышты. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунун судьясы М. Нармырзаев баары мыйзамдын негизинде болгонун айтты.  Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы чечим кабыл алып, жаран  Базаркулованын кайрылуусун негизсиз деп таап, баш тартты.

Ушул менен Тартип комиссиясынын отуруму аяктады.