Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда каралган кылмыш ишине мониторинг

добавлен 19 июля 2018 17:11
просмотров 1223

 

 

2018-жыл 13-июль күнү Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы  Р. Саткынбаев соттолуучу М. Ашкеевдин Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси боюнча кылмыш ишин кароо улантылды. Биз бул иш жөнүндө жазганбыз.

Соттук отурумду ачык деп жарыялаган соң, тараптарга жаны мамлекеттик айыптоочуга: «Ишеним көрсөтөсүңөрбү»?, деген суроону узатты. Жабырлануучунун жактоочусу, ишеним көрсөтөрүн айтты. Ал эми, соттолуучунун жактоочусу мамлекеттик айыптоочу үчүнчү жолу алмашып жатат, башынан бери катышып, материалдар менен таанышышы керек эле деп  ишеним көрсөтпөөсүн билдирди.  Соттолуучу дагы жактоочусун колдоорун айтты. Акырында, судья соттолучунун жана анын жактоочусунун айткандарын четке какты. Ошентип, жаны мамлекеттик айыптоочу иш алып бара турган болду.

Жабырлануучунун жактоочусу, соттолуучуну  кызматтык ыйгарым укуктан аша  чапкан деп айыптап жатса, соттолуучу жана анын жактоочусу жабырлануучунун жактоочусу айткан сөздөргө ишенбөө керектигин айтып,  анын айткандарынын баары караандай калп деди. Ошондой эле, соттолуучу: «Урматтуу сот, сиздин ишинизге көлөкө түшүрүп, бул жерде мага  жалган-жалаа жабыштырып жатат, мен сизге каалоо-тилек айтат элем, жалган жалаа менен чечим чыгарып албаныз урматтуу сот»,-деп, айтып жатканда, судья анын сөзүн бөлүп: «башка сөзүнүз жокпу, отурунуз»,-деп отургузду.  Ошентип, тараптардын өтүнүчтөрүн кийинки соттук отурумда уланта  турган болду.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Р. Саткынбаев соттук териштирүү ишин 18-июль күнү саат 16:00 го жылдырды.