Сотторду тандоо кенешине ишенуу керек

добавлен 29 марта 2012 16:20
просмотров 913

 

 

 

Бишкек, 29-март 2012-жыл, КТРК

2010-жылдагы Баш мыйзамда сот системасынын көз карандысыздыгын камсыз кылуу максатында сотторду тандоо кеңешин түзүү жазылган. Убагында серепчилер мындай кеңешти түзүү сот тармагын саясий кысымдан арылтат,-деген баа беришкен. Кийинчерээк сотторду тандоо кеңеши шашылыш түзүлүп калганы айтылып, анын ишине жана тандоо процессине ишеним болбой калгандыктан, макулдашуу комиссиясы түзүлгөн. Азыр болсо макулдашуу комиссиясынын жасап жаткан ишине сын айткандар бар. 

Нурбек Токтакунов, Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин мүчөсү:
“Макулдашуу комиссиясы тарабынан Президент үчүн сунушталган жергиликтүү сотторду тандоодогу абсалюттук вето кайрадан сот тармагын көз карандылыкка алып келет. О.э., комиссия жергиликтүү сотторду Президенттин, ал эми Жогорку сотторду жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын сотторун Жогорку Кеңештин толук курамына өткөрүп берүүдө.”

Сотторду тандоо жана дайындоонун жол-жоболору иштелип чыкканы менен катачылыктар бар экенин айрым депутаттар дагы моюнга алат. Бирок, Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин дооматы чындыкка дал келбей турганын айтышат. 

Токтогул Туманов, Жогорку Кеңештин депутаты, социал-демократтар фракциясы:
“Антип айтууга негиз жок.”


Сот системасы укук коргоо органдарынын эң бийиги болушу керек,-деген принцип Президенттин аппаратында дагы бар. Мындан улам, буга чейин болуп келген соттордун көз карандылыгын жоюуга бийлик дагы кызыкдар, -дейт Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү.


Данияр Нарымбаев, Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү: 
“Кылмыш иштерин териштирген Жогорку Сотто өзүнчө коллегия бар. Ал жерде дагы бир топ чоң проблемалар бар. Ошолорду кайрадан изилдөө керек. Сот системасы катардагы укук коргоо органдары болбостон, эң чокусунда болушу керек.” 

Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин координатору Рита Карасартова сотторду тандоо укугу Президент менен депутаттарга эмес, сотторду тандоо кеңешине берилиши шарт деген ойду карманат. Бирок, тандоо кеңеши кайсы бир саясий күчтүн же бийликтин тузагында болбошу керек. 

Рита Карасартова, Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин координатору:
“Ошол институтка киргендер жоопкерчиликти коркпой алгандай болушу керек. Аларга эч ким кысым көсөтпөсө гана таза, ишин мыкты билген соттор тандалат.”

Эгер сотторду тандоо кеңеши эч кимге көз каранды болбосо, таза сотторду тандап алууга жол ачылмак, ошондо гана коомчулук кеңеш тандап алган талапкерлердин мыкты экенине күмөндөнбөйт болчу,-дешет жарандык коомдун өкүлдөрү. Ал эми, кеңеш тандап берген талапкерлерди бекитпөө чечимин бийлик 3 критерийдин негизинде гана кабыл алышы керек,-дейт Рита Карасартова.

Рита Карасартова, Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин координатору:
“Бийлик мунун көзү жакпай калды, же тигил адам мага такыр жакпайт дебей, анын профессионалдык деңгээлин, таза кадр экенин карашы керек...”

Ушул сыяктуу бир катар сунуштарын айтуу үчүн бүгун коомдук каналдын маалымат борборунда журналисттерди 8- жолу чогултуп жаткан сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңеш макулдашуу комиссиясынын сунуштары Президент тарабынан четке кагылбаса, сот реформасы боюнча жазылган концепция маанисин жоготот,-деп коңгуроо кагышууда. Себеби, сот реформасы мамлекеттеги башка реформаларды жүргүзүүнүн башаты,-дешет алар

 

Система Orphus

 

Система Orphus