Пресс- релиз 29.03.2012: Макулдашуу комиссиясы тарабынан Президент учун сунушталаган жергиликтуу сотторду тандоодогу абсолюттук вето, кайрадан сот тармагын башкы бийликтин алдында тизелетет.

добавлен 29 марта 2012 13:14
просмотров 931

 

 

 

Пресс- релиз

Аталышы: Макулдашуу комиссиясы тарабынан Президент учун сунушталаган жергиликтүү сотторду тандоодогу абсолюттук вето, кайрадан сот тармагын башкы бийликтин алдында тизелетет.

Катышуучулар: Нурбек Токтакунов,  Ошурахунова Динара,  Карасартова Рита – Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин мүчөлөрү.

 

 2010 жылдын Конституциясынын бирден бир жетишкендиги бул көз карандысыз Сотторду тандоо кеңешин түзүүнүн негизинде сот системасынын көз карандысыздыгын бекитуу. Бул сот системасын саясий кысымга алууну төмөндөтүүгө шарт түзөть. Жогорку Кеңеш өзү ачык эмес жана шашылыш түрдө Сотторду тандоо кенешинин курамын түзгөнүнө байланыштуу, бул кеңештин ишине жана тандоо процессине ишеним болбой калган. Ошол тандоо процедурасын жакшыртуунун ордуна Жогорку Кеңештин депутаттарынан жана Президенттин Администрациясынан турган макулдашуу комиссиясы ушул белгиленген соттордун көз карандысыздыгын жергиликтүү сотторду Президенттин көз карамагына, ал эми Жогорку сотторду жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын сотторун Жогорку Кеңештин толук карамагына  өткөрүп беришүүдо.

Сотторду тандоо кеңеши жөнүндөгү мыйзамынын 19 беренесинде, макулдашуу комиссиясы эгер Президент өз пикирин билдирип талапкерди кайтарып берсе, анда Сотторду тандоо кеңеши жаңы конкурс жарыялайт дешкен. Серепчилер муну “абсолюттук  вето” деп аташат экен, анткени Президенттин өз пикиринин чеги аныкталган эмес жана сотторду тандоо кеңеши бул ветону ашып өтө албайт. Жогорку сотторду тандоодо ушундай эле абсолюттук вето Жогорку Кеңештин депутаттарында да болот. Бул  Сотторду тандоо кеңешинин ишин маанисиз кылып, сот бийлигин башка бийлик бутактарынын алдында көз каранды кылат. Мурунку Акаев жана Бакиевдин бийлик доорунан бул ушул жерде дагы бир субъект пайда болушу менен гана айырмаланат, ал Жогорку Кеңештин депутатары. Бүгүнкү күндө демократия жетиштүү деңгээлге жете электе, депутаттык корпуста криминал менен байланышы бар адамдар отурат деп айрым депутатар айткандай, ушундай саясий көзөмөл өлкө жана коом үчүн коркунуч алып келет.  Бул макулдашуу комиссиясынын сунуштары Конституциянын жана соттордун көз карандысыздыгынын эл аралык принциптерине дал келбейт. Бул жөнүндө 19-20 марта болуп өткөн диалогто эл аралык серепчилери тарабынан дагы тастыкталган.

 

Ушул коркунуч Президент тарабынан четке кагылбаса, анда сот реформасы боюнча концепцияны жазуу маанисин жоготот. Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңеш өзүнүн көз карашын макулдашуу комиссиясына билдирген жана бул пресс конференцияда Президент А. Атамбаевга жана коомчулука кайрылабыз. Сот реформасы мамлекеттеги башка реформаларды жүргүзүүнүн эң негизги шарты болуп эсептелет. Коррупция менен күрөшүү, социалдык реформа, инвестицияны тартуу, коопсуздуктуу орнотуу түздөн түз сот реформасына көз каранды. Мурунку режимдеги практикаларга кайрылсак, ал мурункуу  жыйынтыктарга алып келет. Бул жолу саясий социалдык кризис тезиреек келип, мындай абалдын кесепеттери чон жаңжалга алып келиши мумкун. Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңеш саясий күчтөрдү сот системасынын көз карандысыздыгы боюнча Киев конференциясынын кеңештерин сактоого чакырат жана Сотторду тандоо кеңешине ветону ашып өтүү укугун кайра киргизууну сунуштайт. Кезегинде Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңеш баардык кызыкдар тараптар менен кызматташууга даяр жана Сотторду тандоо кеңешинин ишин ачык айкындыкка, саясаттан алыстатууга жана сотторду  тандоодогу объективдүү критерийлерге таянып иштөөгө жардам берет.

 

Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин коомдук кабылдамасынын дареги: Бишкек шаары, Манас  проспектиси 16 (Москва көчөсүнүн кесилишинде),каб. 102, тел. (0312) 316232, Email: koom.kg@gmail.com   Веб сайт  www.koom.kg

Система Orphus

 

Система Orphus