Жер адиси уй камагына чыкты

добавлен 30 мая 2018 18:01
просмотров 1298

 

 

            Биздин сайттагы  “Демилгенин азабы “ деген макалада пайдаланбай жаткан  жер үлүштөрүн  мыйзамдаштырып  убактылуу ижарага берип, андан айыл өкмөткө киреше таап жаткандыгы үчүн  прокуратура  айыл өкмөттүн башчысы менен жер боюнча адисине  кылмыш ишин козголгонун жазган элек. Ал кылмыш иштин аркасынан айыл өкмөт башчысы убактылуу  кызматынан четтетилип, жер адиси 2 айга камакка алынган болчу.

          Кечээ Ысык-Ата райондук сотунда  судья У. Садыковдун төрагалыгында кылмыш ишин кароо башталып, айыпталуучу  болгон айыл өкмөт башчысы сыртта залда , ал эми жер адиси  темир тордун ичинде орун алышты.  Соттун төрагасы катышуучуларды соттогу укук жана милдеттери менен тааныштыргандан кийин, “кандай өтүнүчтөр, арыздар бар” деген  суроосуна айыпталуучулардын  жактоочулары камакта жаткан жер адисине бөгөт коюу чарасын   өзгөртүү   боюнча кайрылышты.

          Соттун төрагасы эки тарапты уккандан кийин  тыныгуу жарыялап, өтүнүчтү кароого кеңешүүчү бөлмөгө кирип кетти.  Жыйынтыгында  сот  айыпталуучу  жер адисинин бөгөт  коюу чарасын  өзгөртүп, аны үй камагына чыгарды. 

         Сот жабырлануучу тарап катары эсептелген  айыл өкмөттүн өкүлдөрү келбей калганынан ишти кароону кийинкиге жылдырды.