Кылмышкер болууга кыйынчылыктын кереги жок!

добавлен 13 апреля 2018 15:32
просмотров 1641

 

 

Жакында Сот реформасын көзөмөлдөө боюнча Жарандык кеңештин коомдук кабылдамасына Кожоев Сулайман Кадырович кайрылды.  

              Иштин жөнжайы төмөнкүдөй: Тергөө органдары тарабынан Кожоев Сулейман Кадыровичке  2005-жылдын 15-ноябрында өзүнүн тааныштары болгон Кожобекова Майрамбубу жана Мамбеталиева Токтобубу менен алдын-ала макулдашып алып, алдамчылык жол менен кредиттик келишим түзүп, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик экономиканы өнүктүрүү фондусунан 57 тонна, жалпы суммасы 649 800 (алты жүз кырк тогуз миң сегиз жүз) сомдук уруктук буудайды жерге себүү үчүн алып, бирок ал алган буудайды жерге сеппестен, өзүнүн таанышы Кожобекова Майрамбүбүгө берип өз керектерине иштетип жиберишкени үчүн кылмыш ишин козгогон. Башкача айтканда насыяга алынган 57 тонна, жалпы суммасы 649 800 (алты жүз кырк тогуз миң сегиз жүз) сомдук уруктук буудайды максатсыз пайдаланып жиберген деп күнөө коюлган. Чуй облусунун Москва райондук сотту ишти карап чыгып соттолуучу С. К. Кожоев Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 185-беренесинин 2-бөлүгү жана 166-беренесинин 2-бөлүмү 2 жана 3 пункту, З- бөлүмү 2-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыш иштери боюнча ЖПК 316-беренесинин, 3 пунктуна ылайык соттолуучунун кылмышты жасоого катышуусу далилденбегендиктен акталган (өкум бул жерде).  Бирок, биринчи инстанциясынын чыгарган чечими менен макул болбостон, Москва районунун прокуратурасынын прокурорунун жардамчысы Э.Бекова апелляциялык сунуш менен Чуй областтык соттунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясына кайрылган. Чуй облустук соту ишти карап чыгып, Кожоев Сулейман Кадыровичти Кыргыз Республикасынын КЖКнин 166-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2,3-пунктары, 185-беренесинин 2-бөлүмү менен жазасы чектелбеген күнөөлүү деп тапкан (өкум бул жерде). Кыргыз Республикасынын КЖКнин 67-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктунун, Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 28-беренесинин 1-бөлүмүнүн 11-пунктунун негизинде С.К. Кожоев кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү эскиргендигине байланыштуу, жазадан бошотулсун деп чечим чыгарат.

         Бул иш боюнча таң калтырган факт бул,  эмне үчүн Чуй облустук соту  өзүнүн чыгарган аныктамасында  биринчи инстанцияда  караган кылмыш  ишти эске албай, С.Кожоевге чыккан  актоо өкүмүн  өзгөртүп жиберген?  Эмне себептен эгер биринчи инстанция ишти  толук, ар-тараптуу текшербесе, анда ишти кайрадан биринчи  инстанцияга жибербей эле, өзүнүн айыптоо өкүмүн чыгарган?

С. К. Кожоев Кыргыз Республикасынын Жогорку соттуна көзөмөл иретинде даттануу арызы  менен кайрылды, бул иш боюнча Жогорку сот кандай чечим чыгарарын күтө туралы, себеби алдыда дагы кандай  өзгөрүүлөр болорун эч ким билбейт эмеспи.