Азыркы коррупциянын денгээли менен жабырлануучу карызын кайтарам деп озу соттолуп кетти

добавлен 12 марта 2018 16:20
просмотров 1957

 

 

Биздин жарандак кабылдамага Бишкек шаарынын тургуну Эркулова Абидахан эже кайрылды. Ал эже 5 март күнү, буту баспаганына карабай, балтак менен коррупцияга каршы митингге келип, өз баласынын окуясын, козүнө жаш алып айтып берген. Эми кабылдамага документтерин көтөрүп келиптир.

Иштин маңызы:

Эженин кичүү уулу 2006 жылдан бери Европада машине айдап келип иш кылат, улуу баласы Джунусалиев Азамат иниси жиберген унааларды тосуп алып, Кыргызстандан сатып иш кылышат.

Азамат (соттолучуу) Орозбаев Толкун деген жигитке жалпысы 180 мин доллар өлчөмүндөгү каражатка унаа берет. Толкун 3 айдын ичинде карызын кайтарып бермек. Залогко өз үйүн берип, ал үйгө Азаматтын үй-бүлөсү кирип жашап калышат. Ошол үйдө апрель 2015 жылдын апрель айынан декабрь айдын акырына чейин жашашат. Көрсө бул үй Толкун мырзага эч кандай тийешеси жок, тайэкесинин үйүү болуп чыгат. Ошондо Азамат, Рустам деген иниси менен милисага кайрылганга аргасыз болот.

13.01.2016 жылы Азамат доо арыз жазып Орозбаев Толкунга кылмыш ишин козготот.Бул ишке Орозбаев Толкунга  көмөк көрсөткөн Сатаров М. Д. жана  Шералиев Н.К.  кармалып, Шералиев Н.К.  2 айга соттун чечими менен камакка алынат, ал эми Сатаров М. Д. үй камагына алынат.  Орозбаев Толкун качып кеткенине байланыштуу аны таппай калышат. Ошол иш Свердлов райондук сотко кетет.

03.08.2017 года судья Свердловского районного суда г.Бишкек Гилязетдинова И.И. рассмотрев дело,  вынесла постановление-возваратить  прокурору г.Бишкек для восполнения пробелов следствия. Постановление здесь.

21.09.2017 года Бишкекский городской суд в составе: Бранчаевой С., Эсеналиева Н., Кожомбердиева Н. рассмотрев аппеляционную жалобу и постановление Свердловского районного суда отменило признав,  что пробелов в следствии нет. Определение здесь.

4.12.2017 года Верховный суд КР в составе: Эсенканова К., Акыева А., Токтомамбетова К. рассмотрев надзорную жалобу оставили решение Бишкекского городского суда в силе. Постановление суда здесь.

2016-жылдын 13-февралында Сокуклук РИИБ Орозбаев Толкундан Азамат Джунусалиевтин үстүнөн арыз жазат (13 январда Азаматтын иниси Рустам, ошол Толкун деген балага арыз жазып кайрылган). Биз ал жөнүндө өйдө жакта жазганбыз). Ал арызда 2015-жылдын февраль айынан баштап, аны алдап, 41320 доллар акча санап бергенин, жана Азамат ал акчаны кайтарып бербей качканын жазат.

2016-жылдын 7 июнда Джунусалиев Азаматка  айыпкер катарында жоопко тартуу жөнүндөгү токтомдуБишкек ШИИББнын ТБнын капитаны Досумбаев М.А., Джунусалиев Азаматка 166 берене  2 б. боюнча чыгарат. Ошол эле күнү Азаматты күбо катары сурака чакырып, баш коро чарасын камака алуу, деп, ошондон бери камакта экендигин билдирди.

2017-жылдын 7-декабрында Бишкек шаарынын Биринчи май районунун судьясы Сыдыков М.Р. ушул ишти карап Джунусалиев А.Т.   КР КЖК 166- беренеси менен жарым-жартылай кошуу жолу менен 7 жылга эркиндигинен ажыратылсын деп, жатак-абактарында өтсүн деп өкүм чыгарат. Окум бул жерде.

7-декабрда чыккан өкүмдү соттолучу тарап 22 декабрда, даттануу мөөнөтүү өтүп кеткенде судьядан колго алышат. Бирок экинчи тарап дагы даттанып Бишкек шаардык сотуна барат.

2018-жылдын 27-февралында бул ишти Бишкек шаардык сотунун  кылмыш иштик соттук коллегиясынын судьялары карап биринчи инстанциянын өкүмүн күчүундө калтырышты. Бүгүнкү күнгө чейин сесимди колго алалбаган тарап бизге келип, биз Бишкек шаардык сотунун канцеляриясына чалып, бүгүн келип алып кетсе болот, деген жооп уктук.

Ошондо карагылачы, биринчи арыз жазган киши, соттук териштирүүнү биринчи инстанциядан дагы чыгаралбай жүргөнчө, экинчи тарап даттанган кишиге арыз жазса, аны камака алышат дагы, эки соттук инстанцияда, арызданган баланы 7 жылга соттоп жиберишет. А соттолгон балага берки тарап 180 мин доллар бербей кеткендиги боюнча иш биринчи инстанциядан жылайын деген ою жок. Карыз болгон жигит качып кеткен дегени менен берки иште, ал даттануучу болуп, эч жака качпай эле жүрөт. Карызды бербей, карыз болгон кишиге ойдон чыгарып кылмыш ишин козгоп, кийин оз карызыңан баш тарт деген ыкма кеңири тараган. Бул АФЕРА албетте милиса, прокуратура жана соттордун жардамы менен ишке ашат.

P.S. Ушундай укук коргоо жана сот системасы менен мамлекетибиз өнүгөө алабы? Бирөөнүн тагдырына балта чапкан укук корго кызматкерлери жана соттор оңобуу? Эненин коз жашы жөн кетпей, баштарына кайра келет дегенди кана күтүп калабызбы, же расмий бийлик коррупцияны жоюп адилеттикти орундатабы?