Кечиккен сот, келбей койгон прокурор, саргара куткон тараптар

добавлен 05 марта 2018 16:19
просмотров 1332

 

 

             Бүгүн 05.03.2018-ж. кезектеги сот отурумуна көз карандысыз  байкоочу катары катышып келдим. (Бул иш тууралуу мурун жазылган болчу).  Аламүдүн райондук соттун судьясы Бакыт Касымалиев алдын ала жарыя кылып илип койгон 10.30 баштала турган  сот отуруму 11.30 да  (1 сааттан кийин) башталып, кайра 10 мүнөт өтпөй эле  токтотулду. Себеби, райондук прокуратуранын өкүлү келбей коюптур, судьянын айтымы боюнча  сот отурумунун кеч башталаганы да прокуратуранын ”ана келем, мына келем” дегенинен болуптур. Ошентип, 14 айдан бери “чубактын кунундай чубалган” иштин каралышы  дагы кийинкиге , тактап айтканда 12- мартка жылдырылды.

               Баарынан таңгалычтуусу, сот отурумун бир саатка кечигип баштаган судья сотко катышууга келген тараптардын өкүлдөрүнөн кечирим да сураган жок, эч нерсе болбогондой сот отурумун баштап туруп кайра жаап койду.  Бийлик өкүлдөрүн сыйлап сотко кечикпей келген катышуучуларга,  жана ошондой эле кечигип келген же такыр эле келбей койгон кызматтагы адамдарга эмне деп айтса болот?  Улам узарып  кайрадан карала берген соттук отурумдарга кеткен  катышуучу тараптардын убактысын, ресурсун өздөрүнөн башка эч ким ойлобойт , ал эми  жумуш ордунда отуруп алып  ишти караган прокуратура менен судьялардын эч кандай чыгымы, ресурсу деле коробойт деген ойго келдим.