Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековго ачык кайрылуу

добавлен 26 февраля 2018 19:07
просмотров 4232

 

 

    Жарандык кенештин коомдук кабылдамасына  аскер кызматынын капитаны  Омурбек уулу Нурлан кайрылган ( 4 балагны тарбиялайт, экоосуу студент). Анын туугандары дагы укук корогоо органдарында, аскер кызматында иштешет. Омурбек у.Н. озу  Нарын облусунун  чек ара кызматынын офицерине чейин оскон. 2014-ж. кызмат моонотуу менен пенсияга чыккан. Уй-булосу менен аскер шаарчасында томонку дарек менен жашаган: Нарын облусу, Нарын ш. Ленин кочосу. Алган пенсиясы уй-булону каржылоогонго жетпегендиктен Бишкек-Нарын маршрутунда жекече адамдарды ташып оокат кылат. 2016-жылдын сентябрь айында Бишкек шаарында жашаган эжесиснин уйуно жубайы менен кучуу эки баласын алып келгет. Кызынын жогорку окуу жайындагы контрактын толоо учун дагы коопсуздук кызматына жумушка кирип иштейт. Улуу кызы Нарында жашап калгат. 

2017-жылдын жаз айларынын биринде Аскер прокуратурасынын тергоочусу юстициянын улуу лейтейнанты Биримкулов К. В. Омурбек у. Нурланга КР Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинде ( алдамчылык) корсотулгон кылмышты жасоо жана  КР Кылмыш-жаза кодексинин 350-бересинде (докусенттерди колго жасоо) корсотулгон кылмышты жасоо боюнча кылмыш ишин козгойт.

 2017-жылдын 27-сентябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотутнун судьясы Каипов Э.О. бул кылмыш ишти карап, соттолуучу Омурбек у. Н.  Кыргыз Республикасынын  КЖК-нин 166 -беренеси, жана Кыргыз Республикасынын КЖК 350-беренси менен куноолуу деп таап  жаза катары 120 эсептик корсоткуч (12 мин сом) колдонот.  Бул иш жонундо мурун жазганбыз.

 2017-жылдын 12 -декабрында Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана   административдик укук бузуулар жонундо иштер боюнча апелляциялык соттук коллегиясы, курамында: торагалык кылуучу Аккозуев Т. Н., судьялар: Эсенбаев Н. Б., Бектемирова С. К.  бул кылмыш ишинин материалдарын изилдеп  Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотутнун  чыгаргын окумун кучундо калтырат (Соттук акт бул жерде).

Айласы кеткенде Омурбек уулу Н. КР Президенти С.Ш. Жээнбековго томонку кат менен кайрылып жатат.

 

                                                                                 Урматтуу

                                                                          Сооронбай Шарипович,
 
       Сизге кайрылуумдун себеби: мен мамлекеттик чек-ара кызматында 20 жыл кызмат кылып келип, 2014-жылдын сентябрь айынан ардактуу эс алууда журген кезимде Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан устумон кылмыш ишин козгоп келуудо.
 
Кылмыш иши козголгондугунун себеби: мен уй-булоо багуу максатында, Нарын-Бишкек жолунда жургунчулорду ташып жана 2015-жылдын апрель айынан тартып 1/2 ноомет менен кароол агентствосунан коопсуздук кызматкер жумуш орду табылып иштеп келуудомун, сот иши башталгандыгына байланыштуу Бишкек-Нарын жолунда жургунчулерду ташып журген жумушумду токтотууга мажур болуп келуудомун.
2017-жылдын февраль айларында КР чек-ара кызматынын пенсия белумунон С. Мамбеталиева телефон байланышы аркылуу, эч кандай жагдайды тушундурбестон - “Бизди прокуратура текшерип баштады, жашагандык тууралуу маалымат баракчасын алып келип бер” деп талап кылган. Чек-ара шаарчасынын кварталдык башчысы Ажимудиновадан жашагандыгым тууралуу маалым баракчасын алып барып тапшырып бергем.
 
2017 жылдын март айында КР аскер прокуратурасы телефон байланышы аркылуу чакырды. Белгиленген куну барып устумон кылмыш иши козголгондугу тууралу тааныштым. Сот иши козголгондон баштап, аскер прокуратурасы чакырган убакыттан кечикпей, калтырбай барган жолугуларга карабастан, меня “коркунучтуу кылмышкер” катары колума кишен салып убактылуу кармоочу жайга бир суткага камашты.
Биринчи май райондук соту да, шаардык сот да жашагандык тууралуу маалым баракчасын экспертизасыз жасалма деп, мен тараптан келген куболордун берген далилдерин эсепке албастан куноолу деген чечим чыгарышты.
20-жыл бою Ата-Мекенге кызмат кылып эс алууга чыкканда алган сыйлыгым Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан устумон кылмыш иши козгоо болду!
Отставкадагы чек-ара кызматкерлер толуу райондон убактылуу жашаган жерин которсо, уй-булоо багуу максатында тоолу райондон башка облустарга чыкса анын устунен кылмыш иш козголуп эркинен ажырап калабы?
Сизди менин кайрылуумду туура карап чечип берет деген умуттомун.
 
 
Чек-ара кызматынын
отставкадагы капитаны
Омурбек уулу Нурлан